Ашыкча ысырапкерчиликтерге чек коюунун мезгили келди

Баткен облусунун элинин той-мааракелерде ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча кыргыз элине

КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз  эли-кылым  карыткан  нарктуу  эл. Көөнөрбөс каада-салты, үрп-адаты, маданияты менен өзгөчөлөнгөн элибиздин меймандостугу, ыймандуулугу, кең пейилдиги, баатырдыгы жөнүндө не деген жакшы сөздөрдү башка улуттун өкүлдөрү сыймык менен айтып жүрүшөт. Тилекке каршы, ага карабай акыркы мезгилдерде элибиздин нарктуу каада-салтына төп келбеген ашыкча той-салтанаттар, мааракелер көбөйүп кетти. Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык тартылган аш-тойлордо андан кем эмес спирттик ичимдиктер коюлуп, аягы кайгылуу окуялар менен аяктаган учурлар көп кездешүүдө. Андан өкүнүчтүүсү кыргыз элинин нарктуу каада-салттарына төп келбеген мындай көрүнүштөр карапайым калкыбызды жакырчылыкка батырууда. Колу жука болсо да «Элде ушундай болуп жатат» – деп, куру намыс менен кредит алып, той өткөргөн мекендештерибиз биротоло жакырчылыктын сазына батууда.

Биздин аксакалдуу карыяларыбыз, ак саамай энелерибиз, жалпы эле коомчулук тынчсызданып жаткандай мунун баарына ашыкча ысырапкерчилик менен той-мааракелердеги салтыбызда жок жосунсуз-жоруктар себеп болууда. Той-мааракелердеги спирт ичимдиктеринин айынан ажырашуулар, авто кырсыктар көбөйүп, “жылан чакпай, жылкы теппей” бөөдө көз жумушкан жарандарыбыздын кайгылуу окуялары элибиздин көкөйүнө көк таштай тийип келет.

Ушундан улам, калкыбызды жакырчылыкка кириптер кылган мындай жосунсуз жоруктарга, ашыкча ысырапкерчиликтерге чек коюунун мезгили келди деп ойлойбуз. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2018-2019-жылдар «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп белгиленди. Өлкө башчынын региондорду өнүктүрүү жөнүндөгү саясатын ар тараптан колдоо менен бирге элибиздин бак-дөөлөттүү жашоосуна ар бирибиз өз үлүшүбүздү кошуубуз керек.

Урматтуу жердештер!

Дагы бир ачуу чындыкты айталы. Бир эле Баткен облусунда өткөн жылы сүннөт той, жентек той, тушоо кесүү сыяктуу той-мааракелерди эске албаганда, 2131 суук маараке, 3912 нике той өткөн. Ал үчүн 1 млрд. 251 млн. сом каражат жумшалган. Ошого карабастан, нике той өткөрүп, баш кошушкон жаш жубайлардын 672си ажырашып кетишкен. Натыйжада, бейкүнөө наристелер ата-энесиз калышкан. Жогорудагы той-мааракелерди өткөрүү үчүн жыл бою чет өлкөлөрдө биздин бир туугандарыбыз не деген кыйынчылыктар менен таап келген миллиондогон акча каражаттарын бир күндө чачып, анысы аз келгенсип кайра эле карызга батырган ашыкчаысырапкерчиликти бүгүн кескин кыскартпасак, элибиздин жашоо-турмушу андан жакшырып кетпейт.

Урматуу замандаштар!

Жалпы элибиздин, коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп жаткан ашыкча ысырапкерчиликтерди кыскартуу жөнүндөгү биздин чакырык? көп жерлерде иш жүзүнө аша баштагандыгын да айта кетейин. Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында суук мааракелерди, аш-тойлорду ысырапкерчиликсиз өткөрүү боюнча талкуулар жалпы элдик колдоого ээ болуп, бүгүнкү күндө мааракелерге кеткен чыгымдар соопчулук үчүн жумшала баштады. Жакырларга үй ку-руп берүү, колдоо көрсөтүү иштери салтка айланып калса, ушундай эле саамалыктар облусубуздун башка айыл аймактарында колдоого алынып баштады. Көп айылдарда спирттик ичимдиктерди саттырбоо, суук мааракелерде мал-жандыктарын сойдурбоо, ашыкча чыгымдарга кириптер кылбоо сыяктуу жөрөлгөлөр жалпы элдик колдоого ээ боло баштады. Элибиз өзү тандап же жалпы коомчулук колдоп жаткан ашыкча ысырапкерчиликтерди кыскартуу боюнча жалпы Кыргызстандын элине кайрылабыз.

Бул багытта ашыкча ысырапкерчиликти ыкчам бөгөт коюу максатында КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдында атайын уюштуруу комитети түзүлдү. Той-мааракелерди ысырапсыз өткөрүү жөнүндө Жобо иштелип чыкты. Өкүлчүлүктөн, аксакалдар, жаштар, маданият кызматкерлери, журналисттер жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган уюштуруу комитеттери иштей баштады. Буюрса, бул демилге ар бир айылда ишке ашып, өзүнүн жакшы натыйжаларын сөзсүз берет деп ишенебиз.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз кыргыз элинин көөнөрбөс, нарктуу каада-салтына каршы эмеспиз. Биз кыргыз элин жакыр-чылыктын сазына батырган ашыкча ысырапкерчиликтерге каршыбыз. Каада-салтыбыз үчүн уюткулуу улутубуз бар. Кредит менен той өткөргөн кур намыстан көрө, келечегибизди ойлоп, нарктуу каада-салтыбызды бекем туталы. Миллиондогон акча каражаттарды бөөдө коротпой, турмуш тиричи-ликти оңдойлу. Өзүбүздүн чарбачылыгыбызды, өрөөнүбүздү  чыңдап,  региондорду  өнүктүрүүгө салым кошолу. Баарыбыз “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарып, мекенибиз үчүн ак иштейли. Бейиштин төрүндөй болгон Ала-Тоо аймагыбызды кут уяласын. Элибизде, жерибизде тынчтык болсун.

Кайрылуу КР Өкмөтүнүн Баткен облусунун Өкүлчүлүгүндө өткөн жалпы жыйында кабыл алынды