Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрга бекитти

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун жаңы күнүн 15-октябрга бекитти. Бул боюнча парламент бүгүн, 31-майда “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбооруна өзгөртүүнү үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоору боюнча президенттик шайлоонун күнү 19-ноябрдан 15-октябрга жылдырылат.

Ошондой эле, президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон 1 млн сомго чейин жогорулатылат.

Талапкерлер кыргыз тилин билүүсү боюнча “Кыргызтест” тутумунан сынактан өтүшөт. Мыйзам долбоорунда талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү өкмөт тарабынан аныкталган тилди билүу ченеми боюнча “Ортодон жогору” деңгээлде болууга тийиш экени такталган. Тилди жетиштүү билүү боюнча сертификат болбосо БШК тараптан президенттикке талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө чейин 60 календарлык күн ичинде шайлоочуларды жалыпгаы маалымдоо каражаттары же башка жеткиликтүү ыкмалар менен тизмесин текшерүү боюнча маалымат берүүгө милдеттүү.