ӨКМ 2018-2019-жылдары авиатехника сатып алат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2018-2019-жылдары авиатехника сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, министрлик 7 жылдан бери Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен кызматташууда. Өз ара аракеттенүү планына ылайык, өзгөчө кырдаал болгон учурларда Башкы штаб авиатехникадан жардам берип келет.