Карамушкина: Түрк мектебинин директору балдарга тийишкен

Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагындагы мектептин директору окуучуларга орой мамиле кылганын Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина билдирип чыкты.

Анын айтымында, ата-энелер аталган мектептин директору Амир Айдын ата-энелерге, балдарга жаман сөздөрдү айтканы, мугалимдерди эч жакка арызданбагыла деп коркутканы нааразы кылган. Ошондой эле директор окуучуларды өз бөлмөсүнө алып кирип, өзүнүн жана балдардын кийимин чечкен. Эс алуу үчүн тоого чыкканда да балдарга жаман ниетте тийишкендигин айтты.

«Мугалимдердин баары Түркиянын жарандары болгондуктан алар элчиликке кайрылып, директор эмне кылып жатканын айтуудан коркушкан», — деди депутат.

Карамушкинанын белгилешинче, 9 жаштагы окуучу мындай көрүнүштү айтканда, аны мектептен айдаган. Окуучунун апасы Ленин РИИБинин кызматкерлери менен мектепке келген. Бирок алардын мектепке кирүүсүнө тоскоол болушкан. Милициялар мектеп Кыргызстанда жайгашканын эскерткенде гана кирүүсүнө жол беришкен.

Ал кошумчалагандай ата-энелер Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кайрылышкан. Учурда алар бул маселени карап жатышат.

«Эми директор ага акча сунуштап жатат. Азыр ата-энелер мекемелер аралык комиссия түзүлүшүн, ким уруксат бергенин жана балдарын кайсы программа менен окутарын аныктоону талап кылышууда. Эмнеге ал балдарды кайсыл жакка алып чыгып жатканын эч ким билбейт? Ошондой эле директор баланы түркчө сөккөндө, апасы чыдабай аны сумка менен урганын көргөн күбөлөр бар», — деди ал.

Ошондой эле ал териштирүү жүргүзүшү үчүн тийиштүү органдарга жана өкмөткө кайрылды.

Кошумчалай кетсек, ал жерде 200дөй кыргызстандык окуучу билим алары, алардын көбүнчөсү  шарты начар үй-бүлөлөрдүн балдары экендиги да айтылды.