Стамбулда Кыргызстандын жана Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Стамбулда өтүп жаткан Будапешт Процессинин алтынчы министрлер конференциясынын алкагында Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен жолукту.
Анда эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде министр К. Жунушалиев азыркы келишим базасына көңүл бурду. Бүгүнкү күндө тараптар 1992-жылдагы эки тараптуу ведомстволор аралык макулдашуунун алкагында кызматташып жаткандыгын белгиледи. Аталган макулдашуу кылмыштуулуктун учурдагы коркунучтары менен күрөшүү чөйрөсүнө талаптагыдай толук жооп бербээрин белгилеп, Жунушалиев эки тараптуу макулдашуу базасын жаңыртууну сунуштады. Ошондой эле, жолугушуунун оң натыйжаларына жетүү үчүн ал эки ведомствонун ортосундагы макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу менен алектеген бирдиктүү жумушчу тобун түзүүнү демилгеледи.

Тараптар жогорудагыдай макулдашуулар улуттар аралык кылмыштар менен күрөшүү, анын ичинде эл аралык терроризм, экстремизм, мыйзамсыз миграция, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана уюшкан кылмыштуулук боюнча ведомстволор аралык кызматташууну күчөтөөрүн белгилешти.