Улуттук банк «Мобильниктин» лицензияларын убактылуу токтотту

Улуттук банк 21-февралдан тарта төлөмдөрдү кабыл алган «Мобильник» компаниясынын лицензияларын убактылуу токтотту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Мобильник» эки лицензияны 2015-жылдын май айында алган.

Эске салсак, январдан тарта «Мобильниктин» терминалдарында катачылыктар байкалып, «Түндүкэлектр», «Ошэлектро» жана MegaCom «Мобильниктин» кызматтарынан баш тартышкан. Кийинчерээк бул фирамада мүчүлүштүктөр байкалганын Beeline, О!, «Акнет» жана «Бишкектеплосеть» билдиришкен.

Февральдын башында «Мобильник» фирмасынын жетекчилиги техникалык каталардын баары жоюлганын билдирген.

Бирок системада катачылыктар кайрадан байкалып, төлөмдөрдү кабыл алуу кызматы токтотулган болчу.