Жан дүйнөсү жакшыга бай – Зарыл апа

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Зарыл Дүйшөналиева учурда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Ардагерлер кеңешинин төрайымы болуп иштейт. Бирок, ал өмүрүнүн дээрлик 50 жылын мал доктурлукка арнаган адам. Орто мектепти бүтүп, ветврачтык кесипти тандаганда, ага көптөрү таңдана карашкан. Алган багытынан тайбай, К. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда окуп, ветеринардык факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун Тоң районундагы ветеринардык станцияда врач-терапевт болуп баштаган. Кийин Нарын жергесине келин болуп түшүп, Нарын облустук ветеринардык лабораторияда бөлүм башчы болуп иштеген. Кесибинин өтөөсүнө чыгып, “Эмгек сиңирген ветеринардык врач” ж.б. сыйлыктарга татыган.

Жашы  80ге  таяп  калса  дагы,  Зарыл апанын баскан-турганы тың, жүргөнү шайдоот. Бул да болсо, өзүнүн аткарган иши, жасаган жумушу жан дүйнөсүнө жагып, ошол нерседен ырахат алгандыгында болсо керек. Балким, жаш кезинен спорт менен машыгып, күн сайын таң эрте чуркап, муздак сууга чайынып, сергек жашоо эрежесин карманып келгени үчүндүр. “Айылда таң атпай бир дагы келин чуркачу эмес. Мен жүгүрүп жүрсөм, көргөндөрдүн баары таңыркап “дени-карды сообу” дегенсип карап өтүшчү”, – дейт жаштыгын эстей.

Зарыл Дүйшөналиева Нарын өрөөнүндө иштеп жүрүп, жайлоодо төрөлгөн балдардын далайына киндик эне болгон экен. “Жайлоого малдарды дарылаганы барып, толгоосу бышып, айылга жетпей калган келиндерди төрөтүп калдым. Жабдыктарым дайым

жанымда жүрчү. Кайчы, ийне ж.б. баары стерилдүү, болгондуктан балдардын киндиктерин коркпой кесип, байлачумун. Ошондо Кудай өзү бир сактачу экен. Кокус төрөттөрү кыйындап, кесерово жасаш керек болсо эмне кылат элем”, – деген Зарыл апа, өзү төрөткөн балдардын көбү учурда жетекчилик кызматтарды аркалап, алдынан чыкса “киндик энебиз” деп сыйлап, алкыш сөздөрүн арнап калышарын айтат.

Кезинде Зарыл апа иштеген ишинин майын чыгарып, эч кимге камчы салдырган эмес. Мындан 20 жыл мурун жугуштуу шарп илдети күч алып, малдар кызылдай кырылган учурда, ал өзү иштеген “Элита” мамлекеттик акционердик коомунун асыл тукум койлорун оорутпай, өлтүрбөй аман алып калган. Мына ушундай эрдиги, эмгеги үчүн З. Дүйшөналиева бир нече жолу ардак грамота, дипломдор менен сыйланган. Ал  эми  пенсияга  чыккандан  кийин, Октябрь райондук Ардагерлер кеңешине келген. Акыркы жылдардан бери ардагерлер кеңешинин арабасын тартып, согушка катышкан, тылда иштеген карыяларга колунан келишинче камкордук жасап келет.

“Азыркы тапта Октябрь районуна караштуу ардагерлер кеңешинин курамында, согуш-ка катышып келгендердин жетөөнүн көзү тирүү. Мурун 9-майда мектептерге, меке-мелерге алып барып жолугушууларды уюштурчумун. Азыр көбү төшөк тартып баспай, бат-баттан ооруп калышты”, – деген Зарыл Дүйшөналиева медициналык билими бар болгондуктан, кажет болсо асма уколун сайып, дарылап, жагдайларын жасаганга болгон күч аракетин жумшаарын айтат. “Барган сайын кур кол кирбейин деп, баарына бирден “Садочок” алып алам. Көңүлдөрү көтөрүлүп калсын деп ырдап да берем”, – дейт Зарыл апа.

Айтмакчы, Зарыл апа өзү да согушка катышкан ардагердин кызы. Атасы менен агасы (экөөнү тең ата дечү экен) согуштан кайтып келген учурда секелек кыз болгон. “Ишенгазы атам буту жок келген. Ал эми Дүйшөнгазыатамдын төшүндө, таманыда осколкалар бар болчу. Согуш талаасында достору, замандаштары өлүп калганда, кийип жүргөн майкаларын чечип беттерин жаап кеткендигин айтып калганы эсимде”, – дейт.

Зарыл Дүйшөналиева мындан сырткары, Бишкек шаарындагы согуш жана эмгек Ардагерлер кеңешинин хорунда ырдайт. Алар кыргыз тилиндеги чыгармалардан сырткары, дүйнө элдеринин ырларын ырдап, бийлерин аткарышат. Хордогу ишмердүүлүгү үчүн  “Маданияттын  мыкты  кызматкери” төш белгиси менен сыйланган. Ошондой эле, ага “Бишкек шаа рынын ардактуу ардагери” эстелик белгиси дагы ыйгарылган. Мындан сырткары, баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, З.Дүйшөналиева учурунда жеңил атлетика боюнча эл аралык олимпиадалык комитеттин президенти Хуан Антонио Самаранчтын өзү кол койгон сертификатка ээ болгон. Ошондой эле, спортту өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн ардак грамоталар тапшырылган. Турмуштун сыноосуна сынбай, жалгыз бой кыздарын чоңойтуп, өстүрүп, ошол эле убакта ишинде ийгиликтерди жараткан аялга суктанбай коюу мүмкүн эмес. Ушул тапта кызынын колунда, неберелеринин кучагында, бактылуу карылыкта жашап жаткан кези.

Зарыл Дүйшөналиева – мына ушундай көп кырдуу адам. Өзүн кайсы багытта сынабасын, бардык жакта ийгилик жаратып, үлгү болгон инсан. Каарманыбыз менен болгон баарлашуудан кийин, кыймыл бул – жашоо дегенге дагы бир жолу ынангандай болдум.