Милиция жол ортосуна чыгып алып мушташкан айдоочуларга издөө салды

Бишкекте каршы тилкеге чыгып жол тыгынын пайда кылган айдоочу мушташканга чейин барганы боюнча Бишкек шаардык Кайгуул милициясы мушташтын себеби тактоо үчүн айдоочуларды издеп жаткандыгын кабарлады.

Шаардык Кайгуул милициясынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, Кайгуул милиция жол тыгынын пайда кылган айдоочуга карата мыйзам чегинде чара көрүшү керектигин айтып, автоунааларга ээлик кылган адамдар издөөгө алган.

Ошондой эле ал окуяга катышкан же күбө болгон адамдар тарабынан арыз жазыла элек.