Айрым жетекчилерге эскертүү берилди

Министрликтердин жана административдик ведомстволордун айрым жетекчилерине эскертүү берилди. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү бийликке кол койгон. Анда жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге,  Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушевге,  Өкмөткө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжановго, Өкмөткө караштуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү жарыяланды.