Ноокен акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акиминин биринчи орун басары Камбаралиев Каныбек Чолпонкулович ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Премьер-министр бир канча акимди кызматынан бошоткон болчу.