УКМК: Жемкорлук боюнча жети сотко кылмыш иши козголду

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сот органдарындагы кылмыш иштерин алдын алуу жана жол бербөө багытындагы жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, кыймылсыз мүлктөрдү жана чет өлкөлүк инвесторлорго берилген кендерди рейдерлик басып алууга катышы бар фактылары боюнча, айрым топтордун кызыкчылыгын көздөгөн алдын ала туура эмес чечим чыгарган фактыларды аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, айрым кылмыш топторунун мүлктү жана чет элдик ишкерлердин ишмердик обьетилерин мыйзамсыз басып алуу фактылары, КР сот системасынын кызматкерлеринин алдын ала мыйзамсыз аракети менен мыйзамдуу деп табылгандыгы аныкталган.

2019-жылдын 8-февралында Башкы прокуратура тарабынан Бишкек шаардык сотунун 3 судьясына, Жогорку соттун 3 аракеттеги жана 1 мурдагы судьясына карата КР Кылмыш кодексинин 319 беренесинин 2 бөлүгүндө каралган (коррупция) кылмыш белгилери боюнча иш козголуп, УКМКнын Кылмыш иликтөө башкармалыгына жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрында жогорку кылмыш белгилери бар фактылардын негизинде, Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасы “Ж.Э.”ге  КР Кылмыш кодексинин эски редакциясынын 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон болчу.