Россияда УКТ мүчөлөрүн уктатпай турган болду. А биздечи?..

Россиянын Президенти Владимир Путин кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жана лидерлерине катуу сокку урду. Жакында эле Мамдума анын талабы боюнча «кылмыштуу топтун лидеримин же мүчөсүмүн» дегендерди узак мөөнөттүү абак жазыгына (20 жылга чейин) жазага тартуу мыйзамын чыгарды. Ошону менен Россияда кимде ким, өзүн кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөсүмүн же лидеримин деп көкүрөк кагып жүргөн болсо, түз эле түрмөгө кетмей болду.

Ал эми Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү же лидери деп таанылгандар өздөрүн «Кудай» сезишип, ээн-эркин ойноп жүрүшөт. Ал тургай өсүп келе жаткан муун аларды кумир катары туткандары да арбын. Ошону менен Россиянын бул мыйзамын Кыргызстанда да киргизүү күндүн темасы болуп турат.

Белгилей кетсек, уюшкан кылмыштуу топтордун айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңешке чейин кирип кеткени коомчулукта айтылып жүрөт. Бирок, жыл башында министр Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жок экендиги тууралуу  маалымат берген.

Эмнеси болсо да Парламент, Кыргызстандын күч структуралары бул маселеге кайрылып көрүшсө болор эле. (ТА)