ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полку окутулууда

21-23-февраль күндөрү “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түндүк аймагы боюнча бөлүктөрдүн жетектөөчү курамынын кызматкерлери менен биргеликте усулдук окуу жыйын өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, усулдук окуу жыйынынын алкагында атайын багыттагы полктун плацында атайын тактикалык машыгуу 21-февралда болуп өттү.  Аталган машыгууда массалык башаламандыкка жол бербөө жана аларды алдын алуу боюнча күжүрмөн ыкмалар көрсөтүлдү.
Өткөрүлүп жаткан жыйындын бирден-бир максаты кызматкерлер арасында кызматтык тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту жана кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жаңылатуу, жакшыртуу жана милдеттерин аткаруунун сапатын  жогорулатуу болуп саналат. Усулдук жыйында ишмердүүлүктү жакшыртууга болгон жаңы 2019-жылдын январь айында күчүнө кирген Кодекстер, Мыйзамдар, Жоболор, Буйурмалардын негизинде сабактар өткөрүлүп,  тийешелүү акыл-насааттар айтылмакчы. Ошондой эле мыйдай усулдук окуу жыйын түштүк аймагы боюнча жакынкы арада болоорун бейгилей кетти.