Өткөн жылда ар бир экинчи жаран КНС боюнча маселелери тууралуу кайрылышкан

2018-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Маалымат борборуна салык салуу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча кеңеш сурап 59,8 миң салык төлөөчүдөн чалуулар түшкөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 1,2 миң кайрылууга көп. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Салык кызматынын маалымат берүү борборуна кайрылгандардын жарымынан көбү КНСти башкаруу менен байланышкан маселелерге кызыгышкан.

Ошондой эле, жарандар Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү, сатуудан алынуучу салыкты, жергиликтүү салыкты башкаруу, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу (электрондук патент, ККМ-онлайн) ж.б. маселелер боюнча да кайрылышкан

Эскерте кетсек, 2012-жылдан бери өлкөдө Салык кызматынын 194 номерлүү Маалымат борбору иштеп жатат. Чалуулар Кыргызтелекомдун абоненттери үчүн бекер, мобилдүү телефондон уюлдук операторлордун тарифтик планына ылайык төлөнөт.

Маалымат борбордун негизги максаты – бул салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонууда салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү жана көмөктөшүү боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүү, салык кызматынын ишмердиги жөнүндө ар түрдүү маалымдама маалыматтарды ыкчам берүү, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн салык маселелериндеги сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу.