Айтматовдун кейипкерлери – сүрөтчүлөрдүн көзү менен

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»


Бишкектеги Г.Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде «Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын таасири боюнча» аттуу эл аралык көркөм өнөр көргөзмөсү ачылды. 5-мартка чейин көрөрмандарга эшиги ачык көргөзмөнү штаб-батири Лондон шаарында жайгашкан Евразиялык чыгармачыл гильдия уюштурган.

Көргөзмөгө  Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын жана Улуу Британиянын сүрөтчүлөрүнүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тарткан 85 сүрөт, скульптуралары коюлган. Көргөзмөнү уюштуруучулардын бири «Чек арасы  жок  өнөр»  долбоорунун  жетекчиси  Назира Жеңишбекова алгачкы долбоор «Ысык-Көл» темасына арналып, өткөн жылы май айында уюш-турулганын  билдирди.  Чыңгыз Айтматовдун эмгектеринин негизинде жаралган бүгүнкү сүрөт жана скульптуралык чыгармалар көргөзмөсү  эми  Казакстандынборбору Астана жана Франциянын Лион шаарларында өтмөкчү.

Ал үчүнчү долбоорду «Борбор Азиянын  жүрөгү»  темасында өткөрүүнү мерчемдеп жатканын билдирди. Гильдиянын казак-стандык куратору искусство таануучу Мария Жумабаева: «Айтматовдун чыгармаларындагы кейипкерлер өз заманынын адамдары гана эмес, келечектин адамдары. Азыркы сүрөтчүлөр, чыгармачыл инсандар Айтматов аркылуу келечекти кандай элестетет? Көргөзмө алардын көз караштарын көрөрмандардын назарына алып чыккандыгы менен баалуу», – дейт.