1-июнга карата аба ырайы

1-июнда айрым тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14 күндүз 23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14 күндүз 22…27

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында түнкүсүн 12…17 күндүз 24…29

Ысык-Көл областында түнкүсүн 5…10 күндүз 19…24

Нарын областында түнкүсүн 2…7 күндүз 17…22

1-3-июнда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы 1-3-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13  күндүз 26…28 болот.

Булак: © Кыргызгидромет