Көлдүн байлыгы көп, көмүскөдө калбасын кеп

Ондогон жылдардан бери тынымсыз иштеп, жеке эле Ысык-Көл өрөөнү эмес, жалпы өлкө экономикасына бараандуу салымдарын кошуп келаткан «Кумтөр» ишканасынын азыркы абалы, эртеңки келечеги, анын облустун ар тараптан өсүп-өнүгүшүнө тийгизген таасири, жалпы эле Көл өрөөнүндөгү алдыга коюлган максат-милдеттер боюнча маалымат алуу багытында облус жетекчиси Акылбек Осмоналиевге бир катар суроолор менен кайрылдык.

— Жакында облустагы шаар-район башчылары, «Ысык-Көл» фондунун жетекчиси болуп, баш-аягы 11 киши «Кумтөр» кенинин ишканасына барып, анын иш процесси менен жеринде таанышып келдик, — деп сөзүн баштады ал. — Ага чейин жетекчиси Дениел Джордан менен жеке сүйлөшүүдө негизинен үч маселени: кен иштетүүгө жергиликтүү жумушчуларды, эт-сүт баштаган жергиликтүү азык-түлүктөрдү алуусу, алар менен иштеген ортомчу ишканаларды да бизден кабылдоо жагын чечип алдык. Учурда 3600 жумушчу күнү-түнү тыным албай иштеп, жетекчи, инженер-техникалык кадрлары да жергиликтүүлөрдөн. Руданы иштетүүдөн чыккан суулар үч жолку тазалоодон өткөрүлүп, аны атайын кесиптеги адистер тыкыр көзөмөлдөп турарын көрдүк.

— Дегинкиси, кийинки 1-2 жылдан бери «Кумтөрдөн» жылыга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна түшкөн акча каражаттары боюнча бир катар суроолор менен талаш-тартыштар чыкты?

— Алардын жүйөлүү жактары да бар. Ырасында эле, фондудан жумшалчу каражаттардын кайтарымы болсо жакшы да. Мындай бир катар сунуштарыбыз Өкмөттүн кароосуна да берилди. Чечилет деген үмүттөбүз. Ошондон кийин гана башынан бекитилип калган жобого түзөтүүлөр киргизилет.

— Азыр кирешелүү тармактардын бири катарында жайкы-кышкы туризм маселесине көбүрөөк көңүл бурула баштабадыбы?

— Жакында бизде Жогорку Кеңештин беш депутаты, өлкөнүн мамлекеттик чек ара, каттоо, туризм тармактарынын өкүлдөрү катышкан жыйында учурдагы көйгөйлөр суроо-жооп иретинде кеңири талкууга алынып, ЖКнын депутаттары тарабынан бир катар маселелер боюнча тийиштүү тараптарга протоколдук тапшырмалар берилди. Негизинен бизге келген туристтерге ыңгайлуу, жагымдуу шарттарды түзүп берүүбүз керек. Учурда лыжа базаларына келген туристтер жергиликтүү ашкана, мейманканаларды кеңири пайдаланышууда. Жакынкы келечекте дагы 4-5 лыжа базасын ачуу, алдыңкы беш жылга белгилеген стратегиябыздын бет ачарын инвестициялык форумдун алкагында өткөрүү жагы мерчемделүүдө. Анын үстүнө быйыл Ысык-Көл облусунун – 80, облусубуздун борбору

– Каракол шаарынын 150 жылдыгын белгилегени турабыз. Мындай эсте кала турган тарыхый мааракелерди барыдан мурда ишкер маанай менен тосууну туура көрдүк. Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтты, Жеңиш паркын жаңылап, фонтан куруу, ички-сырткы жолдорду асфальттоо, тарыхый инсандарга, учурдагы алдыңкы эмгек каармандарына сый-урмат көрсөтүү сыяктуу көптөгөн иш чаралар али алдыда.

Маектешкен Жээнбай ТҮРК, «Кыргыз Туусу»