Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Күн уясына батып бараткан. Бул убакта Асылбек же Сырга кесүүдөн келчү малды утурлап, айылдын башына чыкмак. Бирок канча күндөн бери малы тосулбай уйлары мөөрөп, койлору маарап, кароосуз калгандай чачылып, чаржайыт басып калды. Эшикти сагалап өзү келген малды гана тосуп алганы болбосо, бул короодон эч ким сыртка чыга элек. Ансыз да сиркеси суу көтөрбөй турганда беттешкен эле кишиге «тарс!» жарылып кетпейин деп, Асылбектин сактанганы болчу. А бирок алардын минтип элден четтеп, көрүнбөй букканы айыл-апаны ого бетер шектентип койду.

Азыр да, Асылбек жыланды эркелетип турган маалда, мал тоскон жерде улуу-кичүү чогулуп, булар тууралуу кызуу кеп жүрүп жатты.

– Буларды жайына койгонубуз болбойт! Бир аргасын таппасак, бечара Сайранын кейпин эртең ар бирибиз кийип калышыбыз мүмкүн. Кеч болуп кала электе эсибизге келип, этегибизди жыялы! Чыны менен эле эртең ажыдаар бүт айылды ойрон кылып койбосун! – деди сары чийкил, ээгинде чокчо сакалы бар, чепеңдеген Бекибай чал.

– Туптуура сөз! Бул иштин акыры-аягына чыгышыбыз керек! Буга чейин эле бир айласын тапканыбызда, Абылайдын бечара катыны азапка кабылмак эмес! «Балтыр бит башка чыгат» деген ушул! Буларды бу жерден таптакыр көчүрүп ийип, же таптакыр!..

Кептин туңгуюк маанисин чын дилинен кубаттагандар болуп:

– Туура! Туура айтат! – деп катын-калач да аларды колдоп, баштарын ийкеңдетип, өз ара кужулдашты: – «Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» да, кокуй! – Ии, көз көрүнөө тигинтип, Сайра байкушка кол салып отурса!

– Эзелтен эле соо эмес болчу, булар! Ошо кызы туулганы эле каапырлардын жүрүм-туруму башкача болуп калган!

Өзүнүн Сагынбай аты өчүп, Таңырбай аталып кеткен, мурду таңырайган кара сакал, бакжагай киши бүтүм чыгарды:

– Андай болсо, эртерээк тукум курут кылыш керек!

Аны колдогону же колдобогону белгисиз,  эл бир катуу толкуй түшүп ток тоду. Бирок баятан бери ким-кимисинин кепсөзүн тыңдап турган,  аксакалы жайкалган Акбай карыя гана буга каршы сымак, алдыга суурулуп чыкты да:

– Токтогула! – деди колун көтөрүп. Эл тынчый түштү.

– Бу силер эмне шумдукту айтып турасыңар, кагылайындар?! Анчалык кастарыбызды тиккидей Асылбек бөлөк эл, бөтөн жерден келген, биз билбеген бала беле?! Анын ата-энеси түгүл, ата-теги ким эле?! Келин бала деле жаман жердин кызы эмес! Кайсы жылы элди ачарчылык каптап, айыл бүт ачкадан апаат болоордо Асылбектин атасы аңчылык менен элди аман алып калганын унуттуңарбы?! Эми ошонун тукумуна кастарыбызды тиксек, арбак урбайбы!

Акбай карыя «кандай дейсиңер?» – дегендей элди айландыра карады. Бир чети анын айтканына ынангандай, бир чети эки анжы болгондой эл тунжурай түшүп, ортодогу жымжырттыкты баягы, Бектемирди сыртынан жактырып, Кызмончокту тымызын күнүлөгөн кетирекей кара кыздын энеси Турумкүл бузду:

– Э, ботом, андай эле ак экен, Асылбек менен Сырга эмнеге элден качып, эшикке чыкпай үйдө камалып отурушат?! Ботом соо киши ошентеби? Мына, канча күндөн бери бир топ кою биздин короого келип атат. Кызмончоктун ажыдаар экени калп болсо, элге чыгып айтпайбы, «калп» деп! Чын үчүн беттери карарып жатат да! Же Сайранын тил-ооздон калганы жалганбы?! Ага ишенбейли десек, Бектемир деле көргөн турбайбы! – дегенде эл кайрадан күбүң-шыбың болуп, жандана түштү.

– Андай болсо акылга келели, – деди Акбай карыя, – Асылбек элге чыгып, кептин чоо-жайын айткысы келбесе, анда аларга биз баралы! Сүйлөшөлү! Кандай дейсиңер?!

– Туура! Туура!

– Барыш керек! Азыр баралы! – дешти бир топтору. Бирок «ким баратка» келгенде ким-кимиси кетенчиктей түшүштү эле, Акбай карыя беш-алты эркекке Турумкүл менен Карачач кемпирди кошуп, Асылбектикин көздөй бет алды.

* * *

Аялы жыгылгандан бери баягысындай болбой, басырыла түшкөн Абылай короосуна кирип келген жоон топ кишинин Асылбектикине кирерин угуп, эмнегедир тамды айланып кетти да, качантан даярдап жүргөн чокморун көтөрүп чыгып, Актуягынын жал-куйругун тараган болуп ары жакта жүргөн уулун кошо эрчитип, коңшусунукун көздөй баштады. А бирок Асылбектикине шыдыр кирип бара алышпай, короонун сыртында саамга буйдалып, акыры Акбай карыя озунуп босогону аттады.

Айылдыктардын минтип күтүүсүз кирип келишээрин Асылбек менен Сырга түгүл, көп нерсени алдыртан туюп турчу Жан да ойлогон эмес! Ошонун эле алдында Асылбек кабагы ачыла «жарк» этип, комузун сурап турган. Атасы унчукпай колун сунганда, кызы анын эмне каалаганын билгендей ордунан ыргып туруп, жаңы эле төркү үйгө кирип кеткен! Так ошол маалда эшик ачылып, айылдын аксакалы баш болгон бир топ аял-эркек үйгө кирип келишти да… турган-турган ордуларында нес болуп катып калышты! Жылан! Мына эмесе! Ким-кимиси көргөн көздөрүнө ишенбей, береги үчөөнү – Асылбек, Сырга, жыланды алмак-салмак карап, эс-акылдарын жыя албай эндирей түшүштү! Баарынан да Бектемирдики кызык болду! Үйгө элдин эң артында кирген менен, топту жарып алдыга чыкты да, каректери чачырай, өгүнү апасы менен арбашкан ак жыланды таанып, эси оой тиктеди! А бирок Асылбек менен Сырга да, Жан да анын көздөрүнөн таң калуудан башка, жек көрүү сыяктуу суук сезимди көргөн жок. Тескерисинче, анын көздөрүндө: «Кызмончок?! Бул чын эле сен белең?! Мага эмнеге башта айткан жок элең?! Мен сени түшүнөт элем го?!» – деген гана сүйүүдөн бүткөн өксүк турган.

Асылбек тизесинде оролуп жаткан жыланды сылаган тейден катып, жылан болсо босогодо тургандарды барбайган чоң алакандын алдынан тиктеп, чубалжыган аппак, узун денесин очойтуп, былк этпей жатты. Качандыр бир ушундай окуя болорун билген менен, ошол күн бүгүн келет деп күтпөгөн Сырганын көзүнө эч нерсе көрүнбөй калды. Анткен менен акылын жый ып, өзүн-өзү чыйралтып, азыраак калчылдаган калыбында:

– Келиңиздер? Өйдө өтүңүздөр. Аке? – дегенге араң жарады. Тигилер да ошондо гана барып эстерин жыя, үй ээсине: «Демек баары чын экен да?!» – дегендей жекире карашып, бирок жыландан жазганып үн ката албай, тирелип тура беришти. Сыргадан соң Асылбек эсине келгендей:

– Жогору өткүлө?! – деди. Анын өңүндө бирок коркуу, тайсалдоо эмес, кандайдыр өзүнө-өзү ишенгендик бар эле.

– Акмак!!! – деп чаңырды ошондо гана Абылай. «Ушу силерден келгенди көрдүм!» – дегендей анан чокморун сороктотуп алдыга чыга калды эле, Жан Асылбектин билеги астынан суурулуп чыга калып:

– Тс-сс!! – деп ортого тип-тик тура калды.

– Айланайындар?! – деген Сырга бирде элге, бирде жыланга сербеңдей карап, жалбарып ыйлап ийди, – Койгула, айланайындар?!

Асылбек бул жолу да унчуккан жок. Тээ бала кезден аз сүйлөп, анан калса актанып-айтышканды, талашып-тартышканды жактырбаган бир сырдуу, анткени менен алыша келсе алдырбаган көкжал кыялы кармап, бирок өзүн-өзү токтотуп: «Актангыдай айыбым бар беле?!» – деген ойго байланып, бир гана жыланга буйрук бере:

– Жан! – деп койду. Ошондо гана Жан боорун жерге түшүрүп, бирок адамдарды аралап сыртка чыккандан айбыккандай, төркү үйгө кирип кетти. Оозгу үйдө эмне болуп жатканын билген Кызмончок төркү үйдүн бурчунда корголоп, отуруп калган. Аны менен сүйлөшүүгө азыр мүмкүн эмес экенин билген жылан да унчукпай, жүк жыйчу тактанын астына кирип кетти.

Бектемир көп өтпөй эле жыландын соңунан жөнөдү. Канча күндөн бери уйку-соонун ортосунда жүргөн сымак, чын-төгүндү айрып билүүгө акылы, дарманы да жете албай, а бирок кандай болгон күндө дагы Кызмончогун танбай, ырас эле бир сүйүүдөн башкасынын бардыгына кайыл болуп, арзуудан башы айланып калган боз уланды эми азыр атасы да токтото албайт эле!

Ал кирип келгенде коркуп кеткен Кызмончок ого бетер түйүнчөктөй түйүлө түштү. Жигит болсо анын ушунчалык зор жыландан бат эле кызга айлана калганына ишенип-ишенбей, үзүлө тиктеди. Эки муштумуна жүзүн катып отурган кыз, качан улан тизелеп отура калып, колдорун колуна ала, көздөрүнө жалооруй, эркелете, аяй тиктегенде гана эчкирип ыйлап, ага боюн таштап жиберди. Жигиттин артынан удаа эле кыздын ата-энеси менен беркилер да кирип келишип, бири-бирин кучактап, солкулдап ыйлап турушкан экөөнү бир топко үндөбөй карап турушту. Андан ары дагы эмне болуп кетет деп чочулаган Акбай чоң ата анан жанындагыларды ээрчитип, үйдөн чыгып кетти.

– Бек… Бектемир! Уулум?! – деп кылчактаган Абылай да алардын шары менен сүрүлүп, кошо чыкты.

(уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.