Жазуучу Мелис АБАКИРОВ: «Коррупция менен коом күрөшүүгө тийиш»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


– Коррупция, пара берүү деги качан, кайдан, кантип пайда болгон?

– Коррупция, дүйнөлүк деңгээлде алып карасак, тээ Рим империясынын доорунда пайда болгон. Тактап айтканда, Рим императорлору өздөрүн шайлатыш үчүн, жана да: “Жашасын, император!” – дедирип туруш үчүн сенаторлорун акча же алтын, кызмат берип паралап турушкан. Ушунун эле башка формасы Октябрь революциясына чейин кыргыздарда да болуп келген, бирок алар муну пара же коррупция деп аташкан эмес. Пара деген сөздүн эскиче түшүнүгү – “жолдук”, “жолдугун жасоо” деп аталат. Мисалы, болуш болор адамга андан өйдөкү төбөлдөр: «Жолдугун жасайсыңбы?» дешкен. Андайда, болуш болчу адам жолдугуна акча берген. Кийин муну большевиктер партиясы тап катары жоюп салган.

– Анда кайра качан, кантип пайда болду дейсиз?

– Жолдук же пара – Брежневдин дымыгуу доору келип, коом чирий баштаганда кайрадан баш көтөргөн. Тактап айтканда, андай учурда лидерлердин көз караштары, пейилдери кирдеп, же болбосо система бузулуп, чоңдордон ыйман кете баштайт. Бир эле мисал, ошол бир учурда төштөргө шагыратып орден, медаль тагынмай деген чыккан болчу. Обкомдун, райкомдун секретарлары, исполкомдор, башкармалар, андан кийинкилери деле мына ошондон пайда көрүүнү, жеп-ичкенди үйрөнүшкөн. “Сен жолдугун кылсаң, сага орден, медаль алып берем”, – деген паракорлук пайда болгон. Адегенде баары жөнөкөйдөн – козудан, кымыздан, анан согумдан – тайдын, торпоктун этинен, топоздун мамалагынан башталган. Анан акырындап аюу талпак, карышкыр ичик, суусар тебетей сыяктууларды ала башташкан. Атын айтпай эле коеюн, союз мезгилинде Нарында обкомдун биринчи секретары болуп турган атка минер болгон. Ошол ат-башылык бир жигитти: “Сени колхоздун директору кылам. Жүз баш боз үй тиккен экенсиң, ошону мага жеткирип бер”, – дейт. Тигил киши директор болгусу келип, дароо эле жеткирип келип, короосуна тигип берет да: “Эми директор болом”, — деп бир ай күтөт – жок , эки ай күтөт – жок , үч ай күтөт, анан кайра келип сурайт: “Эми качан?” “Күт”, – дейт. “Күтө албайм!” – дейт. Ошентип, өзү парага берген боз үйүн кайра чечип, жүктөп алып кетип калат. Ал кайсы секретарь экенин, муну окуган ар бир эски окурман билет.

– Ошондо обкомдун секретары эмне кылды экен? Баары бир укуругу бар да, ошол окуядан улам ызы-чуу болбоптурбу?

– Эмне деп ызы-чуу кылат, өзү элге-журтка шерменде болуп, мына ушул күнгө чейин минтип уламыш айтылып жүрсө? Кийин кызматтан кеткенде да элден качып, чогулткан дүнүйөсүн теңир-тоолуктар алып койбосун деп коркуп, жашынып көчүп кеткен дешет. Муну менен айтайын дегеним, азыркы биздин коррупциянын тамыры мына ошол заманда жатат. Экинчиден, бизге эгемендикти Кудай өзү берип койду. Кыйналып, кысталбай эле эркиндик алып калдык. Ошого катуу дардаңдап кеттик. Биздин элпек президентибиз ошондо коррупцияны системага айлантып таштады. Натыйжада, губернатор болчу киши жетимиш миң доллар, аким элүү- алтымыш миң, министр – элүү миң доллар бериш керек деген система пайда болду. Ошону берген адам кызматка келди. Кийинки президентибиз биринчиден да ашып түштү. Экөө тең коррупциялык системанын курмандыктары болушуп, акыры качып жоголушту. Кийинки президентибиз да мактанып жүрбөдүбү: “Мен миллионер кезде азыркы миллионерлердин чөнтөгүндө тамекиге акчасы жок болчу”, – деп. Анда ал ошончо миллионду кайдан топтогон? Колхоздун алма багынын кароол чусу болуп иштеген атасынын ошончо байлыгы бар бекен? Ошентип, коррупция – бийликтин системасы болуп калды. Эгерде биз коррупциядан арылбасак, анда Кыргызстан карызга бата берип, акыры жок болот. Мына, карагыла, бир эле “Кылымдын кылмышы” болгон ЖЭБ окуясынан улам канча миллиард карыз болуп калдык. Эл мына ушуну түшүнүш керек жана коррупцияга каршы күрөшүүсү керек. Баарыбыз унчукпай, башыбызды катып алсак, коррупция ого бетер гүлдөп кетет.