Кувейтте кыргыздардын көргөзмөсү мыкты деп табылды

 

Кувейттин Шейх Сабах Аль Ахмад атындагы этно маданий шаарчасында кыргыздардын көргөзмөсү Араб өлкөлөрүнүн арасында мыкты деп табылды. 

 Кувейт өлкөсүндөгү бул этно маданий шаарчада Кыргызстандын көргөзмөсү биринчи жолу коюлган. Көргөзмө Кувейт өлкөсүнүн көз карандысыздыгынын майрамына карата өткөн. Уюштуруучулардын айтымында көргөзмө кыргыздардын маданиятын чагылдырып, улуттук буюмдардан жасалгаланган. Көргөзмөгө кыргыз боз үйү, ат жабдыктары,  калпак жана башка буюмдар, тамак-аш коюлуп, улуттук жасалгасы менен өзгөчөлөнгөн.

Бул көргөзмөнүн расмий ачылышы КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов жана Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Элчиси Самаргүл Адамкулова катышуусунда болуп, Кыргызстандан барган өкүлдөрдү шаарчанын директору араб дүйнөсүнүн каада-салты жана маданияты менен тааныштырды.

Мындан сырткары аталган шаарчада Кыргызстандан барган ырчылардын катышуусунда концерттик программа коюлуп, өзгөчө  Мирбек Атабеков жана Гүлзада Рыскулованын аткаруусундагы чыгармалар көрөрмандардын купулуна толуп, кубануу менен коштолду.

Министр Азамат Жамангулов көргөзмөнүн катышуучуларын Кувейт өлкөсү менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык алакалардын 25 жылдан бери уланып келе жатканы жана Кувейт өлкөсүнүн улуттук көз карандысыздык майрамы менен куттуктап, “Кыргызстан этно маданий шаарчага мындай чоң программа менен биринчи жолу келип, өзүлөрүнүн маданиятын тартуулап жатат. Бул салт мындан ары да уланат. Маданий иш-чаралардын негизинде эки өлкөнүн ортосундагы байланыштар өнүгүп, алыстыгыбыз  жакындай берет”, — деди.

Ошондой эле министр Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан этно шаарчанын директору Сейфу Аль-Шалахиге ыраазычылык билдирди. (ВБ)