Дастан Шаршеев кикбоксинг боюнча Борбордук Азиянын чемпиону

25-февралда Бишкекте болуп өткөн  “Күчтүүлөрдүн турнири” деп аталган чечүүчү беттеште кикбоксёр Дастан Шаршеев жеңишке жетишти.

Аталган турнирди K-1 Promax промоутердик компания уюштурган. Турнирдин алкагында Кыргызстан, Казакстан, Россия, Белорусь жана Өзбекстандын спорт чеберлеринин катышуусунда  10 жолу таймаш болуп өткөн.

WBKFВдин версиясы боюнча дүйнөнүн чемпиондук титулуна кыргызстандык Дастан Шаршеев менен россиялык Алексей Дононов чечүүчү таймашта ат салышып, экинчи раундда мекендешибиз россиялык кикбоксёрду нокаут менен уткан.

Таймашта жогорку көрсөткүч менен Дастан Шаршеев дүйнөнүн чемпиону болгон.

Мекендешибиз өзүнүн Instagram баракчасына  бул жеңишин Кыргызстандын жети облусуна арнагандыгын билдирди. (ВБ)