Кыргызстанда былтыр 622 киши өз жанын кыйган

Кыргызстанда 2018-жылы 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2018-жылы суицидге барган жарандардын саны көбөйгөн. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар.

Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов парламентте баяндама жасап жатып үй-бүлөлүк чыр жана ата-эне менен пикир келишпестик өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусунун башкы себеби болорун белгилеген. Мамытов 2016-жылы өспүрүмдөр арасындагы суицидге байланыштуу 95 факт катталганын айтты. Алардын 56сы эркек, 39у кыз балдар болгон. 92си мектеп окуучулары, үчөө колледж студенти.