1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү

Бүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү. Бул күнгө карата Кыргызстанда жер-жерлерде балдар үчүн майрамдык кечелерди уюштурууга даярдыктар көрүлгөн. Балдарга арналып көңүл ачуу салтанаттары өткөрүлүп, бөбөктөргө белек-бечкектер тартууланат.

Ошондой эле, балдардын ден соолугун коргоого, коопсуздугун камсыздоого жана башка көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатындагы иш-чаралар да белгиленген.

Эске сала кетсек, Балдарды коргоонун эл аралык күнү өткөн кылымда 1949-жылы Аялдардын эл аралык демократиялык федерациясынын Парижде өткөн конгрессинде негизделген. 1-мюнь балдарды коргоо күнү катары алгачкы жолу 1950-жылы белгиленген.

Балдардын укугун коргоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун алдында ЮНИСЕФ балдар фонду да дүйнө жүзү боюнча балдарды коргоо жана кам көрүү боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

1-июнда абортко каршы кыймыл дагы балдардын жашоого болгон укугун коргоо күнү катары ар түрдүү акцияларды өткөрүп келет.