Түрк тилдүү Парламенттик Ассамблеясынын жыйыны Бишкекте өтөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 31-майда Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын Башкы катчысы Жандос Асановду кабыл алып, буга чейин аткарылган иштер жана алдыда белгиленип жаткан иш-чаралар туурасында пикир алмашты.

Башкы катчы Жандос Асановдун айтымында, отчеттук мезгилге белгиленген бардык иш-чаралар өз маалында жана толук аткарылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ассамблеянын бюджети, анын аткарылышы туурасында да сөз болду. Эң негизги маселе катары Кыргызстанда өтө турган ТүркПАнын кезектеги жыйыны, анда карала турган маселелер, жыйынды уюштуруунун тартиби талкууга алынды.

Ошону менен катар жыйынды өткөрүүнүн мөөнөтү сыяктуу кеңешип чече турган маселелердин алкагы кеңейгендиктен, байма-бай жолугушуп туруу керектиги белгиленди.