Россиядагы мигранттарга 10 млн. рубль компенсация төлөндү

Россияда өндүрүш тармагында иштеп, жаракат алган кыргыз жарандарына 10 млн. рубль компенсация төлөндү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы  Нурлан Шерипов билдирди.

Маалыматка ылайык, Россияда Кыргызстандын миграция кызматынын 9 өкүлү иштейт. Алар 2017- жылдын башынан бери Россиядагы мекендештерибизге аталган компенсацияны алып берүүгө жардам беришкен.