Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат

Бүгүн, 1-июнда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна 2 күндүк жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын биринчи күнү өкмөт башчы Балыкчы-Корумду жолунун курулушун көрөт жана мугалимдер үчүн ден соолукту чыңдоо комплекси курулуп жаткан “Асыл” пансионатына барат. Андан соң Жээнбеков Ысык-Көл районунун Өрнөк айлындагы орто мектептин ачылышына катышат. Ошондой эле, Түп айылындагы өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардын лабораториянын ачылыш аземине күбө болот.

2-июнда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Каракол шаарына барып, ички жолдордун абалы менен таанышат. Сапар алкагында өкмөт башчы сүт иштетүүчү “Ак булак” ишканасынын ишин көрүп, Пристань-Пржевальск айылындагы жээк бекемдөө иштеринин жүрүшүн жана суу тазалоочу түзүлүштун курулушун текшерет. Премьер-министр Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында дарыя жээктерин чындоо иш-чаралары менен таанышат.