Ишкердик чөйрөдөгү ийгилик,ооздукталган инфляция, чет өлкөлөрдө өзгө айланган кыргыз мигранттары, өркөнү өскөн бюджет…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Өткөн жылдагы өлкөнүн финансы-экономикалык турмушундагы алга илгерилөөлөр ишкердик чөйрөдөгү ийгиликтер менен коштолгонун эл аралык рейтингдерден да көрүнөт. Алсак, 2018-жылы ишкердикти жүргүзүү боюнча дүйнөлүк рейтингдерде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү кыйла жакшырган. “Doing Business”те биздин өлкөнүн позициясы 77-орундан 70-орунга көтөрүлсө, дүйнөлүк экономикалык форумдун глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинде 102-орундан 97-орунга көтөрүлгөн. Мунун өзү макроэкономиканын тили менен айтканда – мыйзамченемдүүлүк. Буйруса, бул көрүнүш бара-бара кадыресе тенденцияга айлана турганында да шек жок.

Эң жөнөкөй эле цифраларга кайрылсак, инфляция боюнча, 2018-жылдын декабрында керектөө баалары 2017-жылдын декабрына карата 0,5%га өскөн. Инфляция деген түшүнүктүн өзү гана дене чыйрыкты-рып турганы болбосо, анын өзү да жакшы көрсөткүч. Жалпак тил менен айтканда, баары өз жайында, чочулай турган эч нерсе жок дегенди билдирет. Демек, артка кетенчиктеп эмес, алга жылып баратабыз.

Эми КР Улуттук Банкынын соңку маалыматына токтоло кетели. Бул маалыматта эмгек мигранттарынын которууларынын динамикасы оң бойдон калганы айтылат. 2018-жылы январь-ноябрда жалпы агымдын көлөмү 8,4%га жогорулаган жана 2,4 млрд. долларды түзгөн. 2017-жылга салыштырсак, бул көрсөткүч кыйла аз болчу. Демек, кыргыз мигранттарынын өз өлкөсүнө жана өз үй-бүлөсүнө кошкон салымы жыл санап көбөйүп баратат. Эмгек мигранттарынын акча которууларынын өсүшү бул жөн гана экономикалык көрсөткүч эмес, бул сандар эмгек мигранттарынын жашоо-турмушунун да көрсөткүчү — кыргыз мигранттары жакшы жумуштарда эмгектенип, бакубат жашап жаткан үчүн Кыргызстанга жөнөткөн акча которуулары өсүп жатат. Эгер, алардын жашоо-турмушу начар болсо, өздөрүнөн артпаса, анда алар акча деле которо алышмак эмес. Демек, өз кезегинде Кыргызстан да алыскы жана жакынкы өлкөлөрдө эмгектенип жатышкан кыргызстандыктар ал өлкөлөрдө ээн-эркин иштеши жана алардын укуктарын коргоо үчүн социалдык ж.б. кепилдиктерди бере тургандай мыйзамдуу база түзүшү керек.

Глобалдашкан  дүйнөдө  эмгек  миграциясынын  болу-шу,  миңдеген  адамдар  өз  өлкөсүнөн  сырткары  иштеши мыйзамченемдүү нерсе. Миграциянын алгачкы толкунунда мекендештерибиз чет өлкөлөрдө негизинен курулушта, соодада, тейлөө кызматтарында иштесе, эмгек миграциянын кийинки толкунунда сыртка кетишкен кыргызстандык жарандар мейманкана тармагында, банк чөйрөсүндө, илим-билим жайларында, жаңы технологиялар институттарында иштеп жатканын билебиз. Саналуу болсо да, миллиардер компаниялардын башкы офистеринде, дүйнөгө белгилүү банктарда, эл аралык долбоорлордо иштеген уул-кыздарыбыз бар. Мунун өзү кыргыз эмгек мигранттары башка шаарлардын көчөсүн шыпырган деңгээлден өсүп калды дегенди билдирет. Эң башкысы, эмгек мигранттарынын укугун мыйзамдык деңгээлде эле коргой алганга жетишсек, калганын мезгил өз ордуна коет десек болот.

Дагы бир жагымдуу маалымат, өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин абалы дурус болду. Алдын ала маалымат боюнча 2018-жылы мамлекеттик бюджетке келип түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 151 млрд. сомду түзгөн жана 2017-жылга салыштырмалуу 1,5 млрд. сомго өскөн. Статкомдун маалыматы боюнча, салыктык кирешелер 116,6 млрд. сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 12,8%га же 13,2 млрд. сомго өсүш болгон. Салык кызматы боюнча келип түшүүлөр 74,9 млрд. сомду түзөт. Бул 2017-жылга салыштырмалуу салык кызматы боюнча кирешелер 8,3%га же 6,1 млрд. сомго көбөйгөнүн билдирет. Бажы кызматы боюнча келип түшүүлөр да жаман эмес, 2017-жылга салыштырмалуу 21,9%га же 7,4 млрд. сомго көбөйүү менен 41,6 млрд. сомду түзгөн.

Ушул  жерден,  өткөн  жылы  укук  коргоо  органдары: ЭККМК, Башкы прокуратура, УКМК мыйзам бузуу фактылары боюнча көзгө толорлук иш алпарганын белгилеп коюуга тийишпиз. Алардын кыраакы жана өз убагындагы иштеринин натыйжасында Бирдиктүү депозиттик эсепке 783,2 млн. сом кайра кайтаруу төлөмдөр катары түштү. Мамлекет башчы бул Бирдиктүү депозиттик эсебинен каражаттар 2019-жылы мектептерди курууга багытталарын айтканы эсибизде.

Эми банктык секторго келсек, КРУБнын маалыматына ылайык коммерциялык банктардын кредиттик портфели 2018-жылдын декабрына карата 127,8 млрд сом болгон жана жыл башынан бери 18%га көбөйгөн. Улуттук валютадагы кредиттер боюнча орточо пайыздык коюму (мезгилдин соңунда) жылына 17,98% болуп, жылдын башына салыштырганда 0,84%га төмөндөгөн; чет өлкөлүк валютадагы кредиттер боюнча коюм жылына 10,08% болуп, 1,18%га төмөндөгөн. Мунун өзү да дурус көрүнүш.

2018-жыл мамлекет башчынын жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды жана анын алкагында бул багытта көп иштер аткарылды. Аймактарды өнүктүрүү максатында өткөн жылдын август айында мамлекет башчы КР Салык кодексине өзгөртүү киргизүү  жөнүндө  КР  мыйзамына  кол  койду.  Буга ылайык: айыл чарба багытындагы машина-трактордук станциялар (МТС) жана соода-логистикалык борборлор (СЛБ) киреше салыгынан жана кошумчаланган нарк салыгынан (КНС) бошотулат; айыл чарба кооперативдери КНСден бошотулат; айыл чарба багытындагы СЛБ мүлккө болгон салык (50 пайыз) жана жер салыгы (коюм – 0,1) боюнча жеңилдиктерди ала алышат; МТС сатуу салыгынан бошотулат; салык салынуучу субъект тарабынан бюджетке төлөнүүчү КНС суммасы, ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштеткен субъекттер үчүн 80 пайызга төмөндөйт. Бул аймактар үчүн канчалык жеңилдик экенин элеттеги адамдар жакшы түшүнөт. Дагы бир жагымдуу жаңылык, аймактарды өнүктүрүү максатында приоритеттүү тармактар: айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, текстиль жана тигүү жана туризм кластерлери боюнча 3 мастер план иштелүүдө.

Бизнес чөйрөсүн колдоо приоритеттүү багыттардан болгондуктан, бизнести негизсиз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу жана коррупциялык элементтерди жоюу максатында 2019-жылдын 1-январынан тартып текшерүүлөргө мораторий киргизүү демилгеленгенин айтып коюуга тийишпиз.

КР Экономика министрлиги алдында түзүлгөн Туруктуу өнүктүрүүнүн долбоорлорду даярдоо боюнча фондунун негизги максаты – региондордогу ата мекендик ишкерлердин дараметин колдоо жана бекемдөө максатында бизнес-план жана техникалык-экономикалык негиздеме долбоорлорду даярдоо үчүн жардам көрсөтүү болуп саналат. Ошону менен бирге, ай-мактарда бизнести колдоо үчүн КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрдүн аянтчасында Бизнес жана инвестициялар өнүктүрүү боюнча кеңештер, Ош шаары жана Нарын облусунда бизнес маалымат-консультациялык колдоо максатында Ишкердүүлүктү колдоо борборлору түзүлгөн.

Ишкерлердин укугун коргоо, аларга көмөк көрсөтүү жана кызыкчылыктарын жылдыруу максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилүүдө.

Жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынчалуулугун жогорулатуу максатында 2019-жылга КР республикалык бюджетинин долбоорунда киреше салыгын 50%дан 70%га чейин жергиликтүү бюджеттердин пайдасына чегерүүнүн нормативдерин көбөйтүү каралган, бул кошумча 2,1 млрд сомду жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, 2019-жылга КР республикалык бюджетинин долбоорунда өзүнчө берене менен региондорду өнүктүрүүгө 2 млрд.сом каралган.