Айтматовдун сыйлыктары – элибиздин сыймыгы

Өткөн жылы улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу кеңири белгиледи. Учурунда даңктуу жердешибиздин эмгеги бааланып, элибиздин жана чет өлкөлөрдүн сыйлыктарынын ыйгарылышы жана ар кандай уюмдардын ардактуу мүчөлүгүнө шайланышы жөнүндө маалымат берип коюну туура көрдүк.

Чыңгыз Айтматов көптөгөн эл аралык  коомдук  жана  академиялык уюмдардын мүчөсү болгон. Азырынча бизге белгилүүлөрүн айта кетели. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги (1974-2008), Германиянын искусство академиясынын академиги (1978-2008), Париждеги искусство жана адабияттын Европалык илимдер академиясынын академиги (1983-2008), Эл аралык «Ысык-Көл форумунун» президенти  (1986-2008),  Стокгольмдогу Бүткүл дүйнөлүк илим жана искусство академиясынын академиги (1987-2008), Италиядагы Рим клубунун мүчөсү (1989-2008), Эл аралык чыгармачылыктын академиясынын (Академия Творчества) вице-президенти (1992-2008), Россиянын сүрөтчүлөр академиясынын академиги (1995-2008), Эл аралык Ч.Айтматов академиясынын академиги (1993-2008), Түрк дүйнөсүн изилдөө Эл аралык илимдер академиясынын академиги, Борбордук Азия элдеринин ассамблеясынын президенти (1995-2008), “Руханий маданият жана экономика” араб-түрк борборунун президенти (1996-2008), Эл аралык Калифорния академиясынын академиги (1995-2008), «Жоокерлерге түбөлүк таазим» коомунун камкорчусу, «Евразия баарлашуусу айдыңы» («Dialog Avrasya Platformu”) Эл аралык коомдун негиздөөчүлөрүнүн бири, ардактуу президенти (1998-2008), Эл аралык «Айтматов фондусунун» негиздөөчүсү, президенти (2000-2008), Москва элдердин достугу университетинин ардактуу профессору (1999-2008), Эл аралык Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ардактуу профессору (2004-2008), Ломоносов атындагы Москва университетинин ардактуу профессору (2004-2008), Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат академиясынын ардактуу профессору (2004-2008) жана башкалар. Бул да биздин оюбузча, эл аралык илимий жана чыгармачыл уюмдар тарабынан Ч.Айтматовдун эмгегинин жогору бааланышынын жана анын таанылышынын белгиси.

Чыңгыз Айтматов үзүрлүү каармандык эмгеги үчүн СССРдин, Кыргызстандын жана башка чет мамлекеттердин чыгармачыл адамдарга берилүүчү эң жогорку сыйлыктарына татыган. Алардын кээ бирлерин атасак, төмөндөгүлөр: «1941-1945 -жж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы эмгектеги каармандыгы” медалы (1945-ж., 17 жаш курагында!); «Эмгектеги өзгөчөлүгү үчүн» медалы (1958); «Эмгек Кызыл туунун» эки ордени (1962, 1967); Ленин ордени(1978); «Элдердин достугу» ордени (1984), «Октябрь революциясы» ордени (1988); В.И.Ленин атындагы мамлекеттик сыйлык (СССР, 1963); СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы – үч жолу (1968, 1977, 1983), Кыргыз Эл жазуучусу (1968); Кыргызстандын Токтогул атындагы сыйлыгы (1976); Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылган (СССР, 1978); «Этрурия» сыйлыгы (Италия, 1980); Эң сонун китептин сыйлыгы (Италия, 1982); Эл аралык Джавахарлал Неру сыйлыгы (Индия, 1985); «Жылмаюу» ордени ыйгарылган (Польша, 1987); Жер планетасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө жигердүү салым кошкондугу үчүн – Ардактуу медаль (Япония, 1988); «Ыйманга чакыруу» Америкалык дин фондусунун сыйлыгы (США, 1989); Бавариянын Ф.Рюккерт атындагы сыйлыгы (Германия,1991); Эл аралык Ортодеңиз маданиятынын демилгечи борборунун сыйлыгы (Италия, 1992); Түркиянын Илим жана Маданияттын чыгармачыл адистери коомунун «Түрк дүйнөсүнүн адабиятына кызмат» сыйлыгы берилген (Түркия, 1992) Европа Адабият сыйлыгы (Франция, 1993); В.Гюго атындагы эл аралык маданият боюнча ардактуу сыйлык (Франция,1994); «Дустлик» ордени (Өзбекстан, 1995); Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган (1997); А.Мен атындагы сыйлык (Россия,1997); Дружба (Достук) ордени (Россия, 1998); Эл аралык «Руханият» сыйлыгы (Кыргызстан,1998); «Зор кызматтары үчүн» ордени (Өзбекстан, 1998); «Кайра жаратуучулар чыгааны» алтын медалы (1998); «Отан» ордени (Казакстан, 2000); Илимге кошкон салымы үчүн Кыргыз улуттук илимдер академиясынын «И. Ахунбаев атындагы сыйлыгы» (Кыргызстан, 2000); «Адабиятка кошкон салымы үчүн» деген орден тапшырылган (Мажарыстан, 2006); Түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Түркия Өкмөтүнүн «Түрк дүнүйөсүнө кызмат сыйлыгы» берилген (Түркия, 2006); Түркиянын Адабият корунун «Түрк дүнүйөсүндөгү эң улуу жазуучусу» наамы (Түркия, 2007); «Достлук» ордени (Азербайжан, 2008); Илим жана техниканы изилдегендиги үчүн ”Людвиг Нобель сыйлыгы” (Россия); Дүйнө киноискусствосуна салымы үчүн “Алтын каракөз” сыйлыгы (Түркия, 2008).

1997-жылдын 4-февралында Чыңгыз Төрөкуловичке улуттук маданиятынын казынасына көрүнүктүү салымы, эл аралык аренада кыргыз элинин руханий байлыктарын кеңири жайылтуу, активдүү коомдук ишкердиги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылуу менен бирге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку даражадагы артыкчылык наамы ыйгарылган.

2008-жылы  май  айында  Түрк  тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрликтеринин туруктуу кеңеши (ТЮРКСОЙ) тарабынан Ч. Айтматов азыркы мезгилдин чыгаан түрк тилдүү жазуучусу, түрк дүйнөсүнүн руханий байлыгы менен ар-намысы катары жана анын чыгармачылыгы планетардык мааниге ээ болгондуктан, эл аралык эң абройлуу Альфред Нобель атындагы сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бирок талапкер дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу биз күткөн жыйынтык чыкпады. Жогоруда келтирилген, жазуучунун сыйлыктарынын дагы да толук эмес тизмегинен биз Ч.Айтматовдун эң жогорку деңгээлде кыргыз элин жана түрк дүйнөсүн ааламга таанытуусунун ачыктан ачык көрсөткүчү десек жаңылбайбыз.

Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктар

2008-жылы 12-ноябрда Кыргызстанда Ч.Айтматов атындагы эл аралык академиясынын сыйлыгы белгиленген. Биринчи лауреаттарынан болуп “Чыңгызхандын ак булуту” спектакли үчүн Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын коллективи, “Саманчынын жолу” повести боюнча коюлган “Эсимде” спектакли үчүн Арсен Умуралиев атындагы Бишкек театры, композитор К.Асанбаев, акын С.Жусуев, жазуучу К.Жусупов жана сүрөтчү Ж.Кадыралиев сыйланышкан.

2011-жылы Лондондо чогуу иштеп, Германияда жазуучунун чыгармаларын жайылтуу менен алектенген Рахима Абдувалиева Улуу Британияда негиздеген Айтматовдун эл аралык академиясында Чыңгыз Айтматовдун International Chingiz Aitmatov Award (ICAA) – эл аралык сыйлыгын уюштурушкан. Академиянын максаты –европалык окурманды Ч.Айтматовдун мурастары менен тааныштыруу жана жазуучу үгүттөгөн руханий байлыктардын негиздерин жаш муундарды тарбиялоого түрткү берүү. Бул сыйлык Орто Азия элдеринин маданиятын жана көрүнүктүү жазуучу Ч.Айтматовдун мурастарын изилдеп элге жайылтуу үчүн тапшырылат. Кандидаттар Улуу Британия, Германия, Россия жана Казакстандын жети окумуштуусунан турган эл аралык жюринин мүчөлөрү аркылуу тандалат. Ошол эле жылдын 25-ноябрында биринчи эл аралык сыйлыктар казакстандык “Астана” велокомандасынын коммерциялык директору Айдар Ахметовго Айтматовдун академиясына ар-тараптан колдоо жүргүзүп, АКШ жана Улуу Британияда Айтматовдун “Атадан кал-ган туяк” аттуу повестин которуп басмадан чыгарууда жана улуу жазуучунун эмгектерин жайылтууда жардамы үчүн; Кыргызстан-дын президенти Аскар Акаевге; профессор Джеймс Риорданга (Улуу Британия); Германияда Айтматовдун эмгектеринин котормочусу Фридрих Хитцер (өлгөндөн кийин) жана швейцариялык Unionsverlag басма үйүнө тапшырылган. 2012-жылы сыйлыктын лауреаты болуп жазуучунун 80 жылдыгына карата 2008-жылы Казакстанда Ч.Айтматовдун чыгармаларынын биринчи толук жыйнагын орус тилинде басмадан чыгарууда жардам бергендиги үчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тандалган; россиялык кинорежиссер Андрей Кончаловский, актриса Наталья Аринбасарова; Лондондогу SCRSS китепканасы Айтматовдун орус жана англис тилиндеги чыгармаларынын эң мыкты жыйнагы үчүн; Yunus Emre маданият борбору жазуучунун түрк тилиндеги чыгармаларынын эң мыкты жыйнагы үчүн тандалышкан.

2015-жылы Айтматовдун сыйлыгынын лауреаттары болуп: россиялык окумуштуулингвист, филология илимдеринин доктору, профессор, Санкт-Петербургдук мамлекеттик университетинин президенти, орус тили менен орус маданиятын дүйнөгө кенен жайылтуу боюнча көп жылдык эмгеги жана Чыңгыз Айтматовдун элесине чексиз урматтоосу үчүн Людмила Вербитская; Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган тасмадагы Ильястын ролун чеберчилик менен аткарган белгилүү түрк киноактеру Кадир Инаннир; Казакстанда Чыңгыз Айтматовдун академия сын колдоосу үчүн көп жылдар бою казак философу, акын, котормочу Шакарим Кудайбердиулынын чыгармаларын элге жайылткан, Л.Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетинин ректору, педагогикалык билиминин эл аралык илимдер академиясынын академиги, профессор, тарых илимдеринин доктору, казак тарыхчысы Ерлан Сыдыков; Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын грек тилиндеги жыйнагын чыгарган грек жазуучусу Грик Транслэшнс (Greek Translations); Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сингал тилине которгондугу үчүн Шри-Ланкалык котормочу Чулананда Самаранаяке (Сhulananda Samaranayake) тандалышкан.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин сунушу, КМШ парламент аралык ассамблеясынын токтому менен Ч.Айтматовдун 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлыгы белгиленген. Ал сыйлыкты Жогорку Кеңеш бөлгөнгө милдеттендирилген. Бул сыйлык жыл сайын тапшырылат. Биринчи лауреаты болуп 2013-жылы россиялык “Литературная газетанын” редактору Юрий Поляков тандалган. 2014-жылы Азербайжандын жазуучулар коомунун башчысы Анар Рзаевге тапшырылган. 2015 жылы – Матенадаран байыркы жазмаларынын Ыйык Месроп Маштоц атындагы институтунун директору Грачье Тамразянуга, ал эми 2016-жылы – кыргыз акыны Шайлообек Дүйшеевге тапшырылган. Ассамблеянын өкүлдөрүнүн кандидат боюнча бир пикирге келишпести-гинен 2017-жылы бул сыйлык тапшырылган эмес.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, Ч.Айтматов эл аралык академиясынын академиги, профессор