Экологиялык билим берүү – айлана-чөйрөнү коргоодо алгачкы кадам

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Акыркы учурларда өлкөдө экологиялык көйгөйлөр биринен сала бири көтөрүлүп келүүдө. Алардын арасында абанын айлана-чөйрөнүн булгануусу жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу, ж.б. Ал тургай өткөн жылдын этеги менен айрым активисттер 2019-жылды «Экологияны коргоо жылы» деп жарыялоо сунушу менен Президентке кайрылышкан болчу.

Айтса арман болгон көйгөйлөр

Жакында эле экологияны коргоо максатында Ысык-Көл облусунун аймагына желим баштыктар киргизилбей турган болуп калды. Чынында аталган аймак кыргыз туризмин алдыга сүйрөй турган аймак. Айрым эсептөөлөргө караганда Ысык-Көлгө жыл сайын 1-1,5 млн. жакын турист келери айтылып жүрөт. Туризм аз каражатты талап кылып, көп акча тартып келе турган тармак экенинде талаш жок. А бирок аталган аймакта көйгөйлөр арбын. Ошол эле пансионаттардан чыккан саркынды суулардан тартып, браконьерлер тарабынан ташталган желим торлорго чейин санап кете берсе болот. Анын баары көлдүн тазалыгына, андагы жаныбарлардын жан багуусуна терс таасирин тийгизип келүүдө.

Мындан тышкары, бул аймакта да таштандылар менен күрөшүү зарылдыгы курч. Желим баштыктар канча бир жылда араң чирип жок болот. Ал эми көлгө сезон учурунда келген туристтердин көпчүлүгү бул нерсеге маани бербейт. Бир жылдары чет өлкөдөн келген турист таштандыларды чогултуп, баннерлердин ордуна илип койгон. Ал муну менен коомчулукту көлдүн айланасы канчалык булганаганына көңүл бурдургусу келген.

Экологиялык көйгөйлөргө токтоло турган болсок, Миңкуш аймагында 1958-жылы урандын калдыктарын сактоо максатында курулган жайлар тууралуу кеп кылбасак болбос. Алар топурак, аба жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирбеси айтылып келет. Ошентсе да көчкү же суу каптоо болуп кете турган болсо, ал абдан чоң коркунуч туудурушу ыктымал экендигин экологдор эскертишет. Мунун натыйжасында Кыргызстандын түштүгүнө жана Фергана өрөөнүнө зыяны тийиши ыктымал. Себеби, радиоактивдүү калдыктардын Нарын жана Көкөмерен суусуна кошулуу ыктымалдыгы жок эмес.

Түмөн түйшүк жараткан – шаардагы түтүн

Акыркы жылдары Бишкек шаарынын экологиялык абалы абдан начар экендигин экологдор улам эскертип келе жатышат. Алсак, Бишкекте аба нормадан ашык булганып жатканын далилдөө үчүн “MoveGreen” коомдук бирикмеси жана алматылык активист Павел Александров Бишкек шаары үчүн атайын абанын абалын өлчөөчү датчиктерди чогултуп, аларды карта боюнча шаардын ар кыл райондоруна орнотушкан. Датчиктер аркылуу онлайн түрдө кайсы райондордо абанын деңгээли канча эсе булганганын байкашкан.

Албетте, жер жайнаган таштандылардан айлана-чөйрө булганып жатканын баарыбыз эле байкап келебиз. Негизинен абанын булганышына жеке секторлордогу адамдардын мончолорду, үйлөрүн жылытуу үчүн резиналарды, кездемелердин калдыктарын жагуусу, унаалардын кескин көбөйүп, алардын техникалык абалынын начардыгы жана андан бөлүнүп чыккан түтүн себеп болуп жатканы маалым.

Анткен менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын маалымдашууда. Алардын билдирүүсүнө ылайык, абанын нормадан ашык булганганы катталган эмес.

Мамлекеттик орган менен активисттердин маалыматы канчалык деңгээлде так аны адис тер такташат чыгар. Негизинен эле бул тармакта иштерди жакшыртуу максатында экологиялык көйгөйлөргө көңүл бөлүү за-рылдыгы курч. Ал үчүн коомчулуктун экологиялык аң-сезимин өзгөртүү зарыл. Мына ушул максатта 21-23-февраль күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетте география боюнча мугалимдер үчүн “Экология лык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” темасында тренинг болуп өттү. Ага ар кайсы региондон жалпысынан 40ка чукул мугалимдер катышты. Иш-чара Кыргызстандагы НАБУ уюму, Улуттук университет жана GLOBE Program эл аралык уюму тарабынан уюштурулду.

Германиянын НАБУ уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Толкунбек Асыгулов:

— Экологиялык билим берүү бир канча тепкич менен ишке ашат. Алсак, бала бакча, орто мектеп жана ЖОЖ, анан жергиликтүү калк менен иштешүү жолго салынган. Ошол нерсени күчөтүш үчүн экологиялык билим берүүдө жаңы технологиялар, ошол эле фото-капкан ж.б. кандай иштей турганы окутулат. Буга муктаждык абдан күч. Себеби, учурда мыйзамсыз аңчылык кылуу токтобой, абдан курч бойдон калууда. Аны күч менен, айып пул салуу менен токтото албайбыз. Ошондуктан бул нерсени коомчулуктагы экологиялык аң-сезимди көтөрүү менен жолго салсак болот. Азыр мугалимдерди окутсак, алар окуучуларга үйрөтүү менен коомчулуктун экологиялык аң-сезимин жогорулатууга жол салынат деген ойдобуз.

Билим берүү академиясынын президенти Алмаз Токтомаметов:

-Биринчиден, экологиялык билим берүү өтө актуалдуу. Муну майдалап түшүндүрүүнүн зарылдыгы деле жок. Себеби, Кыргызстан бир канча эл аралык келишимдердин катышуучусу. Учурда бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат.

Экинчиден, кыргыздар тээ мурдатан эле табият менен коюн-колтук жашаган элбиз. Экологиялык маселелерди география же экология сабагында эле козгобошубуз керек. Мисалы ошол эле “Кожожаш” чыгармасы – бул экологиялык билим берүүнүн символу сыяктуу чыгарма. Андан башка тарых, математика, ал тургай информатика сабактарында дагы экологиялык билим берүүнү ала кетсе болот. Анын мисалдары бар.

Үчүнчүсү, экологиялык билим берүүнү айрым бир уюмдар эле аткарганы аздык кылат. Муну баарыбыз колдоого алсак, мыкты болот эле.