«Мунабия» «Ника» сыйлыгына талапкер болду

Режиссер Таалайбек Кулмендиевдин «Мунабия» тасмасы орусиялык «Ника» киносыйлыгына көрсөтүлдү.

Бул маалымат «Ника» кинематографиялык искусство Академиясынын номинанттарынын тизмеси аркылуу ачыкталды.

Т.а. чыгарма «КМШнын жана Балтиянын мыкты тасмасы» номинациясына белорустук, өзбекстандык, казакстандык жана молдовалык фильмдер менен жарышат.

«Ника» сыйлыгын тапшыруу 30-мартта Москва шаарында өтөт.

Бул сыйлык быйыл 32-жолу берилип жатат.

Эскерте кетсек, Казат Акматовдун “Мунабия” аңгемесинин негизинде тартылган «Мунабия» фильми былтыр Орусиянын Анапа шаарында өткөн «Киношок-2018» фестивалында баш байгени жана «Эң мыкты сценарий»​сыйлыгын алган. (ЖИ)