19 жаштагы бала бычактап киши өлтүргөн деп кармалды

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылынын жашоочусу адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-май күнү Чүй райондук аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам бир жаран жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон. Ал Чүй районунун Дөң-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

«Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү делинип, 19 жаштагы жергиликтүү жашоочу кармалган. Териштирүү учурунда каза болгон жаран менен анын ортосунда пикир келишпестик жаралып, экөө уруша кетишкен. Жыйынтыгында бири бычактан жаракат алган», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Кармалган жаран Токмок шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.