Душанбеде мектептердин оңдоп-түздө иштерине ата-энелер акча чогултпайт

Душанбе шаарында мектепке чейинки мекемелердин жана мектептердин оңдоп-түздөө иштери мамлекеттик бийликтин органдарынын эсебинен жасалат. Бул тууралуу Борбордук билим берүү башкармалыгынын башчысы Махаммадали Азими билдирди.

“Мектепке чейинки мекемелер жана мектептерди оңдоп-түздөө иштерине мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу иштерин, корупциялык иштердин алдын алуу максатында, борбордук райондордун төрагалары келе жаткан окуу жылына даярдыктар үчүн райондук бюджеттен каражат бөлүшү керек”, — деп айтылат билдирүүдө.

Толуктай кетсек, буга чейин бул максаттар үчүн каражаттар ата-энелердин чөнтөгүнөн каржыланып келген.