Көйгөйлөр: диний сабатсыздык, миграция, жерлерди трансформациялоо…

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


27-февраль күнү Бишкекте “Региондордун коомдук жана социалдык-маданий өнүгүүсү” деп аталган сессия вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын модераторлугу менен болуп, ага мамлекеттик, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышты.

А.Өмүрбекова: “Былтыр башталган иш-чаралар быйылкы жылы да күчөтүлөт”

2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы”  деп  жарыяланган.  Бул  багытта  аракеттерди ишке ашыруу максатында Өкмөт 2018-2022-жылдарга иш-чаралардын планы жана региондорду өнүктүрүү Концепциясынын саясаты бекилгендигине токтолгон вице-премьер Өмүрбекова: “ПрезидентибизСооронбай Шарипович быйылкы жылды “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялады. Демек былтыркы жылы башталган иш-чаралар быйылкы жылы да күчөтүлөт”, — деди.

Андан кийин жаштар иштери, диний багыт, миграция сыяктуу социалдык багыттагы темаларда презентацияларга орун берилди. Белгилеп кете турган жагдай, модератордун сунушу менен презентацияларга чектелүү гана убакыт бөлүнүп, негизинен суроо-жооп, талкуу иретинде өттү. Региондордон келген өкүлдөр, ал жакта болуп жаткан көйгөйлөрдү Өкмөткө жеткирип, айрым учурларда коомдук көйгөйлөрдү көтөрүп, бир катар сунуштар дагы берилди.

Жаштар саясатын ишке ашырууга шарт бар

Өлкөдө 14-28 жаш курактагылар  жаштар  болуп  эсептелет. Алардын саны бүгүнкү күндө 1 млн. 600 миң – бул жалпы эсеп менен алганда Кыргызстандын калкынын 30 пайызы болуп саналат. Жаштардын 3/2 бөлүгү айыл жергесинде жашайт.  Жаштардын

өнүгүүсүнүн глобалдуу рейтингинде Кыргызстан 188 өлкөнүн ичинен 64 орунда жайгашкан. Негизинен алганда бул көрсөткүч жаман эмес. Мына ушул жаштардын  көйгөйлөрү, келечеги  жана  аларды  өлкөнүн  социалдык, саясый турмушуна аралаштыруу багытында кеңири кеп болду. Өкмөткө караштуу Жаштар  иштери,  де-не тарбия жана спорт агенттигинин  директору  Канат  Аманкуловдун маалыматына ылайык, учурда жаштарды өнүктүрүү багытында Өкмөт тарабынан эки тармактуу атайын программа иштелип чыккан. Анын айтымында, региондорду өнүктүрүүдө негизги фактор жаштар болушу керек.

“2040-жылга жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнө активдүү катышышы шарт. Жаштар саясатты эффективдүү ишке ашыруу үчүн шарт жана укуктук негиздер түзүлгөн”, — деп билдирди ал.

Канат Аманкулов “Жаштар, региондорду өнүктүрүүнүн маанилүү фактору, перспективалар жана көйгөйлөр” деген темада кеңири кеп кылып, бул багыттагы бир канча пландар жана көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Мындан тышкары, «Адамдык капиталга  инвестициялоонун  заманбап  багыттары», «Кыргызстандагы диний кырдаалдын өнүгүүсүнүн келечеги», «Миграциянын абалы жана келечеги, региондорду өнүктүрүүдө анын ролу», «Региондорду өнүктүрүүдө локалдык процесстердин ролу», «Региондорду туруктуу өнүктүрүү процессинде аялдардын ролу» деген темаларда баяндамалар жасалды. Ал эми суроо жооп бөлүгүндө Өкмөт өкүлдөрүнө региондордо салынып, бүтпөй жаткан имараттар, айрым айылдарда машыктыруучулар, спортчулар үчүн стипендиялар, жерлерди трансформациялоо тууралуу маселелер айтылып, баары көзөмөлгө алынганы белгиленди.

Иш-чарада диний көз караштардан улам жасалып жаткан айрым окуялар айтылып, аларга карата Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору З.Эргешов тарабынан тийиштүү жооптор берилди. Мисалга алсак, айрым учурларда 3 талак берип, үй-бүлө ажырымга учураган жагдайлар болуп жатканы белгиленди. Талак берүү, никеге туруу динде каралганы менен анын эч кандай юридикалык мааниси жок. А бирок коомчулукта ошол нерселерге маани берген жарандар кезигип калган учурлар бар. Бул боюнча Муфтият, диний аалымдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Конференциянын жыйынтыгы менен катышуучулар бирдиктүү билдирүү жасап, профилдик талкуулардын жана пикир алышуулардын негизинде: Конференциянын резолюциясын кабыл алышты. Аталган резолюциянын максаты, бардык кызыкдар тараптардын аймактардын тездик менен инклюзивдүү өнүгүүсүнө түрткү берүүчү таасирдүү практикалык чараларды көрүү. Ошондой эле Форумдун катышуучулары калк тын жашоо шартын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги милдеттерди чечүү, ошондой эле бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн региондорду өнүктүрүүгө багытталган Президенттин демилгесин колдоо, региондорду өнүктүрүүгө активдүү катышуу үчүн өзүнө жоопкерчилик алуу жана өлкөнүн бардык жарандарын бул процесске катышууга үндөө, региондорду өнүктүрүү идеясын жер-жерлерде жайылтуу жана илгерилетүүнү зарыл деп эсептей турушканын билдиришти.