Инвесторлордун ишмердигине ийкемдүү шарттар

Борбордук Азияда кең мейкиндикти ээлеген Казакстан инвестициялык дараметин күчөтүүдө. Эл аралык «DoingBusiness» рейтингинде «инвестициялык жагымдуулук» чен белгилеринин 10 көрсөткүчү боюнча дүйнөнүн 90 өлкөсүнүн ичинен 36-орунду ээледи. Азыркы убакытта республика аймакта жана КМШ мамлекеттеринин арасында инвесторлорго оңтойлуу шарттарды жакшыраак түзүп берди.

Казакстан эгемендигин алган мезгилден бери чет өлкөлүк компанияларды жана трансулуттук инвесторлорду тартуу үчүн жигердүү аракеттенди. Өлкөдө пайдалуу кен казмалары арбын: мунай, табигый газ, уран запастары жана минералдык чийки заттын 1 225 түрү бар, ар кандай металл кендерине, сейрек жер асты элементтерине, күйүүчү майларга, металл эмес материалдарга бай. Казакстан цинктин, вольфрамдын жана бариттин запасы боюнча дүйнөдө 1-орунду, күмүш, коргошун, уран жана хромит боюнча 2-орунду, жез жана флюорит боюнча 3-орунду, молибденден 4-чү жана алтындан 5-чи орундарды ээлейт. Бул байлыктарды өндүрүп чыгарууга керектелүүчү каржылардын булагы, негизинен, чет өлкөлүк капитал болуп эсептелет.

Кийинки он жылда Казакстандын экономикасына салынган 264 млрд. доллар түз инвестициянын негизги бөлүгү чийки зат тармагына (пайдалуу кендерди казып алуу) тиешелүү болгон. Бирок, соңку убакытта өлкө өнөктөштөрүнө инвестиция мейкиндигин индустриялык долбоорлорго жана кайра иштетүү өнөр жайы аркылуу кеңейтүүнү сунуш кылууда.

Эми  өлкөдө  агроөнөржай  тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык жасалууда. Бул үчүн Казакстан долбоорлорду ишке ашыруучуларга инвестициялык жана тарифтик субсидиялоодон тартып салыктарды азайтууга чейин жеңилдиктерди бермекчи. Эгерде инвестор продукция өндүргөнгө кошумча аны кайра иштетүү менен алектенсе, мамлекет ага толук ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү түзүп бере алат. Инвестициялык жагымдуу маанай өкүм сүрүүсү үчүн Казакстан инвесторлордун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоону кепилдейт. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, келишим шарттарын сактоонун бузулгусуздугу республиканын чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн ыңгайлуу экендигин бекемдөөдө.

Баса,  Казакстан  инвестиция  боюнча карманган «эрежелерин» ырааттуу түрдө жүргүзүп келет. Өлкө менен көп жылдардан бери кызматташып келе жаткан компаниялар муну жакшы билет: туруктуулук жана өнүгүүнүн алгалоосу камсыз кылынган, тобокелдик убайымы жок. Ушул фактор жана жеңилдетилген шарттар Казакстан өкмөтү экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары деп эсептеген тармактарга инвесторлордун көңүлүн буруп жатышы мүмкүн.

Андыктан кийинки жылдарда инвесторлордун чийки заттык эмес секторго кызыгуусу артууда. 2018-жылдын бир жарым жылдыгында чет өлкөлүк түз инвестициянын көлөмү15,4% га өсүп, 12,3 млрд. долларды түзгөн жана анын жарымы кайра иштетүү өнөр жайына тиешелүү болгон.

Казакстанда мамлекет менен инвесторлордун кызыкчылыктарын жуурулуштура турган, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иш алып барган бир катар органдар бар: Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөлүк инвесторлор кеңеши, «Kazakh Invest» улуттук компаниясы, Тышкы иштер министрлиги (инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу), Улуттук экономика министрлиги (инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу), Премьер-министрге караштуу Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңеш, облус акимдерине (жетекчилерине) караштуу Инвесторлор кеңеши, улуттук өнүктүрүү институттары.

«Kazakh  Invest»  улуттук  компаниясы  инвес тициялык  долбоорлор  боюнча тейлөөлөрдү  башталышынан  «бир  терезе» принциби боюнча ишке ашырылышына чейин толук камсыз кылат жана Казакстандын атайын экономикалык аймактары боюнча бирдиктүү координациялык борбору катары иштейт. Ал, ошондой эле, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун шарттары менен келечегин жана талкулоо учурунда Казакстан өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргогон бирден-бир сүйлөшүүчү ролун аткарат жана мамлекеттик тейлөөлөр системасынын кызматтары менен камсыз кылат.

2018-жылы «Kazakh Invest» компаниясынын катышуусу менен 3,1 млрд. доллар чет өлкөлүк капитал аркылуу 27 инвестициялык долбоор пайдаланууга берилген. Компаниянын 2019-жылдын январындагы мониторингдик тизмесинде жалпы көлөмү 39,6 млрд. доллар болгон 157 долбоор бар. Бүгүнкү күндө өлкөдө 11 атайын экономикалык аймак (АЭА) иш жүргүзүүдө. Жеңилдиктер  белгиленген  ченемдер  боюнча казакстандык мыйзамдар менен бекитилген. АЭАнын бардык катышуучуларын корпоративдик киреше салыгынан, жер салыгынан жана мүлк салыгынан бошотуу каралган.

Атайын экономикалык аймактын территориясында товарлардын сатылуусунан кошумча нарк салыгы (КНС) алынбайт. Мындан тышкары, алардын импортко чыгарылуусу бажы алымынан жана КНСтен, ташып кирүүсү бажы алымынан бошотулган.

Казакстанда инвесторго ишке киришкен күндөн баштап кол кабыш жасалат. Бизнести баштоо, ачуу, андан ары жүргүзүү, виза алуу, мамлекеттик колдоону көрсөтүү боюнча бардык маселелерди чечүүгө жардам берилет.

Экономиканы өнүктүрүү жана чет өлкөлүк капиталдын келишин өбөлгөлөө, алдыңкы технологиялар  аркылуу  иштеп  жаткан өндүрүш орундарын кеңейтүү жана жаңылоо, казакстандык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, айлана-чөйрөнү коргоо үчүн жа-гымдуу маанайды түзүү максатында инвестициялык ишмердикти мамлекеттик колдоонун комплекстүү системасы киргизилген. Учурда мамлекет инвесторго кез келген объектке жана ишкердиктин бардык түрүнө инвестиция салууга мүмкүнчүлүк берген.

Казакстан инвесторлорго (анын мамлекеттик же башка макамына карабастан) бир топ кепилдиктерди берет. Эң башкысы – жасалган келишимдердин Казакстандын мыйзамдарынын өзгөрүүсүнө көз карандысыз туруктуулугу жана сакталышы. Мындан тышкары, инвесторлорго мамлекеттик органдардын Казакстандын мыйзамдарына ылайык келбеген актыларды чыгарганына, ошондой эле мамлекеттик кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракетине (аракетсиздигине) байланыштуу чеккен зыяндарынын ордун толтуруу укугу камсыздалган.

Улутташтыруу же реквизициялоо зарылчылыгы жаралган учурда инвесторго келтирилген чыгашалар толук кайтарылат жана төлөм мүлктөрдүн рыноктук баасы боюнча жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө Казакстан региондогу жана постсоветтик мейкиндиктеги экономикасы өтө тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Инвестициялоо үчүн багыттарды тандоонун арбындыгы, мамлекет тарабынан толук колдоо, бизнести жүргүзүүнүн бардык этаптарындагы өзгөчө жагымдуу шарттар жана өлкөдөгү саясий туруктуулук ири корпорациялардын иштөөсүнө жакшы өбөлгө түзөт. Анын үстүнө, Евразиянын борборуна жайгашкан өлкө геосаясий жактан да артыкчылыкка ээ.

Жаркын ТОГУЗАКОВ