Премьер-министр Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ: «Бюджеттин тартыштыгын азайтууга күч жумшайбыз»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


“Аймактарды өнүктүрүүнүн улуттук диалогу” аталыштагы республикалык конференциянын экинчи күнү Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жетекчилиги алдында 28-февралда улантылды.

-Биз эң маанилүү маселени карап жатабыз. 2016-жылдын жай айында аймактарды өнүктүрүүгө арналган ушундай чоң иш-чара өткөрүүгө даярдыктар көрүлгөн болчу. Өзүңүздөр билгендей, анда Сооронбай Шарипович Премьер-министр кызматында эле. Бирок, ар кандай себептер менен ошол конференция өтпөй калган. Ошол максатка бүгүн жетип жатабыз. Аймактардын маселеси ошондо көтөрүлө баштаганда азыркыдан жогорку деңгээлге чыкмакпыз деп ойлойм. Сооронбай Шариповичтин Президенттик кызматка келгендеги эң биринчи жарлыктарынын бири аймактарды өнүктүрүүгө байланыштуу болду. Албетте, бул өтө орчундуу маселе бир эле жылда биротоло бүткөрүлүп калбайт. Ал бир топ жылдарды талап кылуучу процесс. Мамлекеттин уңгусу — айыл. “Биримдик, ишеним жана жаратмандык” программасынын эң башкы максаты – аймактарга жумушчу орундарды түзүү, — деп белгиледи Өкмөт башчы.

2018-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөлүк финансы институттары, эл арлык уюмдар  башка  мамлекеттер  менен  салыштырып, Кыргызстандын экономикалык абалына баа беришти. Былтыр ИДПнын 3,5 пайыз көрсөткүчү менен жыл аякталды. Бул экономикабыздын туура өнүгүп бара жаткандыгын көрсөтүп турат. Биринчи жолу “Кумтөрдүн” үлүшүн кошпогондо социалдык-экономикалык, финансы ж.б. маселелерди чече алдык.

Өткөн жылы инвестиция тартуу бизде эле эмес, дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттеринде кыскарып, 1,4 триллион долларга төмөндөдү. Кыргызстан сырттан акча күтпөй, өзүн өзү ички мүмкүнчүлүктөр менен багууга жарай турганын далилдедик. Ички өндүрүштү көтөрүү саясаты башталды. Айыл чарбасына катуу көңүл бурулуп, ири банктар, РКӨФ менен Кепилдик фонду айылдарга барып жатат.

Жолдорду курууда айрым айыл өкмөттө рүндө өздөрүнүн күчү жетип жатат. Айрымдарына мамлекеттик бюджеттен жардам берилүүдө. Былтыркы жылы 23 млрд. сомдук бюджеттик тартыштык кыскартылды. 2019-жыл 10 млрд. сом тартыштык менен башталды. Өкмөт 2020-жылга карата бюджеттин тартыштыгы жок саясатты жүргүзүүнү көздөп жатат. Эл аралык каржы уюмдарынын берген баасы боюнча Кыргызстандын соода индекси 14 пайызга жакшырган. Жеңил ачыла турган бизнестин көрсөткүчү боюнча 77-орундан 70- орунга чыгыптыр. Өкмөт бышчы жакынкы жылдары бул көрсөткүч боюнча 50-орунга чыгуу максатталып жатканын конференциянын катышуучуларына айта кетти.

Кыргызстанда социалдык төлөмдөргө көп каражат жумшалат. Учурда 300 миңден ашык жаран социалдык жөлөк пул алат. Андан тышкары, 650 миң пенсионер башка жактан каржы сурабай, ички резервдер аркылуу каржыланып жатат.

-2018-жылы Дүйнө-лүк үчүнчү көчмөндөр оюну  баштаган  чоң иш-ча ралар өткөрүлдү. Ага чет мамлекеттердин башчылары  келишти. Ысык-Көлдүн “Тамчы” аэропортуна дүйнөнүн чоң самолёттору келип конгону кубандырбай койбойт. Аэропортторубуздун деңгээли жогорку даражадагы меймандарды тосууга жарап калды. Биз эми экинчи борборубуз болгон Ош шаарынын аэропортунун коммуникациясын заманбап деңгээлге жеткиришибиз керек. Дүйнөлүк туристтик уюм Кыргызстандын туризм тармагы өткөн жылы дүйнөдөгү беш мамлекеттин ичине киргени боюнча өз баасын берди. Аймактагы туризм тармагы өнүгө баштады. Суусамырда, Сары-Челекте, Арсланбапта араб мамлекеттеринен келген туристтер көп болду. Бир күндө экиден самолёт келип конуп жатты. Меймандар Кыргызстандын кооз жерлерин көрүп, эс алып, өлкөбүз тууралуу ойлорун жакшы жакка оңдоп кайтышты. Ар бир аймакта туризм тармагынын артыкчылыктары чоң, — деп, билдирди Өкмөт башчы.

М.Абылгазиев Кемин районунун жергиликтүү  эли  туристерге  кооз  жерлерин көрсөтүп, инфратүзүмдү оңдоп жатканын мисал келтирди. Туризмдин айыл чарба тармагын өзү менен кошо өнүктүрүп кетүүгө жөндөмү чоң. Өкмөт аймактар үчүн бөлүп жаткан 2 млрд. сомдун каражатынан пайдаланып, туризмди көтөрүүгө жумшаса боло турганы айтылды.

Былтыр өлкөдө бюджеттин каражатына 156 социалдык объект курулду. 150 млрд. сомдук капиталдык курулуштар ишке ашырылып, 2017-жылга салыштырмалуу 6 млрд. сомго көп болду. Мында чет элде иштеп жүрүшкөн мекендештерибиздин салымы чоң. Мигранттардан былтыр 2 млрд. доллар которулду. Ошондой эле 25 айыл же 43 миң жаран таза суу менен камсыз болду. Өлкө аймагында 77 миң жумуш орду түзүлдү.

— Акимдин ролун күчөтүү зарылдыгы келип чыгууда. Райадминистрацияларга караштуу өнүктүрүү фондусун күчтөндүрүү керек. Акимчиликте каражат болбосо маселе чечилбейт. Министрлердин аймактардын маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү аз. Ошого байланыштуу жергиликтүү бийлик органдарына ыйгарым укуктарды көбүрөөк берүүнү туура көрүп жатабыз. Бирок, айрым акимдер менен айыл өкмөт башчылары азыркы эле мыйзам менен өз аймагын көтөрүп жатышат. Жумушка чын жүрөгү менен күйүп иштеген жетекчилер мыйзамга, каражаттын тартыштыгына карабай ар учурда ишти оңдой аларын турмуш көрсөтүүдө, — деди М.Абылгазиев.

Өкмөт жылдын ар чейреги сайын акимдердин отчетун алып турмай болду. Начар иштегендер дароо кызматтан кетээри да эскертилди.