«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: «Миграция көйгөйүн чечүүнү саясатташтырбаш керек»

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Жакында «Замандаш» коомдук фонду Россиядагы мекендештер менен биргеликте орус-кыргыз «Достук жана Кызматташтык» форумун уюштурду. Анда мигранттарга тиешелүү көйгөйлөр көтөрүлүп, маанилүү маселелер талкууланды. Анын артыкчылыгы Москвада өтүп, жалпы мигранттар катышууга мүмкүндүк түзүлгөнүндө болду. Мына ошол форумдун жүрүшү тууралуу “Замандаш”коомдук фондунун президенти Жеңиш Молдокматов менен маектештик.

– Форумда кандай маселелер каралып, эмнелер мерчемделди?

– 6 млн. эл болсок, ошонун бештен бири сыртта, анын 90%ы Россияда жүрөт. Ошол эле Москва менен Москва облусунда эле 450 миңдей журтташтар бар. Мына ошону эске алып, анын үстүнө “Замандаш” партиясы жана “Замандаш” коомдук фонду көп жылдардан бери миграция жаатында иштешет эмеспи. «Замандаш» коомдук фондун 2003-жылы раматылык Өмүракунов Муктарбек агабыз түптөгөн.

Форумда биринчиден, сырттагы мекендештерди ынтымакка, биримдикке чакыруу менен көйгөйлүү маселелерин карап, аларды бирге чечүү жолдорун талдоо, экинчиден, экономикалык жаатта Россия жана ал жактагы өнөктөш уюмдар менен кызматташууну илгерилетели деген максаттарды койгонбуз.

Ага  жалпы  россиялык  кичи  бизнести колдоо  боюнча  “Опора  России”,  Евразия элдеринин ассамблеясы, Россия элдеринин ассамблеясы, Россиялык мигранттар федерациясы, Эл аралык Ишкерлер Ассоциациясы сыяктуу уюмдар, биздин мекендештер келди. Форум жалпы үч сессиядан турду. Биринчи бөлүгүндө, кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюу, эки мамлекеттин ортосундагы алака талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандагы өндүрүшчүлөрдүн өнүмдөрүн Россиянын аймагында жайылтуу, илгерилетүү боюнча кеп козголуп, алар жардам берүүнү убада кылышты.

Жакында Москвада биздеги жүз мыкты өндүрүшкө кирген же кире турган, эң мыкты экспорттук потенциалы бар өндүрүшчүлөрдүн катышуусунда жарманке болот. Анда “Пятерочка” сыяктуу чоң реитейлерлик компаниялар менен келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул биздин сыртка өтпөй жаткан товарларды, жок дегенде Россиянын аймагына өткөрүүгө мүмкүндүк түзөт. Буга кошумча эле “Опора России” деген уюмдун ичинде 2 миңден ашык компания, ишкерлер бар экен. Аларга вакансия ачып бергиле деп сунуштап жатабыз. Бул эмнеге? Миграциянын эки түрү бар: биринчиси, 3D деп коет. Ал кара жумушка тартыла тургандар. Учурда миграция процесси абдан курч жүрүп жаткан учуру. Бүгүн дүйнөдө 240 млн. ашык мигранттар катталса, алардын басымдуу бөлүгү экономикалык активдүү жарандар, 19 млн. көбү качкындар. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция же миграциялык агымдын күчөшү. Анан ушундай шартта көп мамлекеттер өз жарандарын миграциянын “экспат” разрядына же квалификациялык разрядга багыттоо менен алек. Биринчиден, ал жерде шарты жакшы. Экинчиден, маянасы жогору болот. Жөнөкөй тил менен айтканда, мамлекет тарабынан тийиштүү дүйнөлүк компаниялар менен келишимдер бекип, жарандарды таза, квалификациялуу жана жакшы төлөмдүү жумуштарга жөнөтүшөт. Ошол нерселер талкууланып, Россиянын тийиштүү компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүү керектиги белгиленди.

Ошондой эле, форумдун жүрүшүндө мигранттарга таандык социалдык маселелерди ортого салып, талкуу кылдык. Алардын ичинен негизги деп ондон ашыгын алдык. Мисалы, элчиликте болгону үч эле юрист бар. Алар жетишпей келет. Ошондуктан, биз мигранттарга юридикалык жардамдарды көрсөтүү үчүн, июнь айынан тарта бир юрист бөлүп бермей болдук. Муну менен бирге форумду салттуу түрдө Россияда өткөрөлү дедик. Биз буга чейин Кыргызстанда өткөрүп келбедикпи. Ал эми көптөгөн мигранттар ага келе албай калышат. Саналуу диаспоралар эле келет. Ал эми биз кайсы жерде кыргыздын саны көп болсо, ошол жерде өтүшү керек деп жатабыз. Бул алгачкысы болду. Эми салттуу түрдө жыл сайын өтүп, кучагын жаят.

– Мигранттар электорат катары кабылданып, саясатчылар байма-бай каттап жатышпайбы. Ошондон улам бул форум саясий өңүттөгү жолугушуу сыяктуу эсептелип калбайбы?

– Туура. Мекендештер: “ар кандай саясатчы, депутаттар келишет. Өзгөчө шайлоого аз калганда өздөрүн көргөзгүсү келип” деп жатышат. А биз өзүбүздү атабай, ким автор болгусу келсе, ошонун атын чыгаралы деп жатабыз. Мисалы, “жүк 200” боюнча Толкунбай Акматов агабыз көтөрүп чыккан. Ал ошонун көтөргөн маселеси деген сыяктуу. Ошондой эле, мекендештердин айтымында, саясатчылар шайлоонун астында келип, кийин шайлоо бүткөндө жоголуп кетишет экен. А биз жыл сайын форум өткөрүүдөн башка үч ай сайын келип, бейформал жолугууларды уюштуруп, ал жакка медиа өкүлдөрүн чакырып туралы дедик. Анан мигранттарга конкреттүү маселелерди талкуулап, беш делегат шайлап жиберишсе, алардын келип-кетишин “Замандаш” камсыздап турсун, өкмөт мүчөлөрү, депутаттар менен биргеликте тегерек стол өткөрөлү, түз баарлашуу болсун дедик. Бул сунуш мекендештерибиз тарабынан колдоого ээ болду. Эми апрелдин ортолоруна мерчемдеп жатабыз. Буюрса, 5-6 киши диаспоралардын атынан мигранттардын өкүлү катары келишет.

– Мекендештерибиз кандай сунуштарды жасашты?

– Майрам Турдалиева деген кызыбыз маданият чөйрөсүндө жардам керектигин айтты. 1 млн. адам сыртта болуп жаткан соң, тил, маданият боюнча көп маселелер жаралат. Өзгөчө тил боюнча. Азыркы төрөлгөн жана төрөлө турган балдардын тили жоголуп бара жатат. Ошондуктан кыргыздын маданиятын, дөөлөттөрүн унутпаш үчүн, аларды эстетип туруу максатында коомдук башталышта иш алып барып жатышкан экен. Эгерде Маданият министрлиги бир өкүлдү бөлүп берсе, кандайдыр бир статус болот эле деп жатышат. Бул маселени чечүү үчүн жазында делегаттар менен маданият министрин жолуктуралы дедик. Мындайча айтканда ошол форумда айтылган кептерди ишке ашырууну колго алып жатабыз.

Ошондой эле Сооронбаев Надыр деген жигитибиз Кыргызстандагы жана Россиядагы ассоциациялардын ортосунда ишкерлик боюнча тажрыйба алмашуу болсо деген сунушту көтөрүп чыкты. Бул боюнча токтоосуз иштер башталып, учурда телекөпүрө уюштуруу боюнча аракет жасалууда. Мындан башка да көйгөйлөр абдан көп, чет-четинен ишке ашырууга аракеттер көрүлүүдө.

– Россиядан башка өлкөлөрдөгү мекендештер менен кандай иштерди алып барып жатасыздар?

– Миграция бир канча түргө бөлүнөт. Эмгек мигранттары, окуп кеткендер, калып калгандар бар дегендей. Жалпы эмгек мигранттарынын 90%ы Россияда. Андан кийин Казакстан, Түркия, Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүндө бар, бирок анчалык көп эмес.

Ошол эле Түркияда, мисалга Анталия шаарында кыргыз мигранттарынын 80%ын кыздар түзөт. Жакында эле мекендештерибизге жардам берип жүргөн бир нече түрк фонддор менен сүйлөштүк. Апрель айларында Түркияга барып, парламент депутаттары, чоң фонддор менен кезигип, бир нече келишимдерге кол коебуз. Себеби, ал жакта көбүнчөсү кыздар болгондуктан психолог, гинеколог анан тил үйрөтүүчү курс ачуу муктаждыгы бар экендигин айтышууда. Негизинен Түркияга алданып баргандар, алардын ичинен кыздар кандай тагдырга туш болуп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз.

– Башка өлкөлөрдүн жарандыгын алган мекендештерибизге өлкөгө инвестиция салууда эч кандай жеңилдик каралбай келет. Бул жаатта кандай иштерди алып барса болот?

– Расмий түрдө 60 миңден ашык башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерибиз бар. Ал эми бейрасмий мындан да көп. Чынында эле, ал мекендештерибиз чет өлкөнүн жарандарындай кабылданып калышат. Алардын жер алуусуна тыюу салынат. Бул боюнча “Мекен кард” деген улуттук программа иштелип чыккан. Ошол программа ишке ашса, кыргыз болуп Кыргызстанда төрөлүп, бирок турмуштук жагдайлар менен башка өлкөнүн жарандыгын алган мекендештерибизге кадимкидей жеңилдиктер каралмак. Былтыр июнь айында биз мигранттардын катышуусунда тегерек стол өткөрдүк. Анын катышуучулары президент, парламенттин спикери менен кезигишти. Ошондо мени кубандырганы мигранттар жаңы экономиканын реалдуу инвестору катары кабылданыш керек деген сунушту Сооронбай Шарипович, Дастанбек Артистбекович дагы жакшы кабылдашты. Биз Өкмөткө аларды жөн эле инвестор катары тааныбастан, расмий таануусу абзел деп жатабыз. Анткени, бизде ИДП 7,5 млрд. доллар болсо, анын 2,5 млрд. долларын эмгек мигранттары берип жатат. Алар экономиканын үчтөн бирин көтөрүп жаткандан кийин аларга сөзсүз көңүл бурулушу зарыл.

– Негизи мекендештерибиздин өлкөгө инвестиция салууга мүмкүндүктөрү барбы?

– Мигранттардын агымы 3кө бөлүнөт. 1990-жылдардан 2000-жылдарга чейинкиси – биринчи агым. Алар кара жумуштарга тартылгандар болчу. Андан кийин 2000-2010-жылдар, анан 2010-жылдан кийинкилер. Мына ошол акыркы агымдагы эмгек мигранттары мурдагыдай кара жумушка тартылбай, тейлөө жаатында эмгектене башташты. Бул деген мигранттарыбыздын деңгээли, тажрыйбасы өскөндүгүнүн белгиси. Ошондой эле, мекендештерибиз бутка туруп калгандыгын билдирет. Учурда баштапкыга салыштырмалуу алардын арасында ресторан, кийим тигүүчү цех ж.б. ачып, ишкерлик менен алектенип калгандары бар. Мына ошолордун капиталын мекенге салсак, жумуш орундары түзүлүп, экономикага салым кошулуп калат эле. Ал үчүн Өкмөт мигранттарга инвестор катары шарт түзүп бериши керек.