Казак менен кыргызга кызуу талкуу жараткан “көкбөрү”: Канат Исаев өз пикирин билдирди

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


1-мартта Жогорку Кеңештин жыйындар залында депутат Канат Исаев “Көк бөрү” оюнунун тегерегинде коомчулукта болуп жаткан талкууга карата өз пикирин билдирип,  Эл аралык “Көк бөрү” федерациясы жана Түрк тилдүү мамлекеттердин “Көк бөрү” ассоциациясына Кыргызстандын мүчө болуп киргендиги тууралуу айрым такталбаган маалыматтарды ачыктап, журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Эске салсак, учурдагы эл өкүлү Канат Исаев буга чейин Кыргызстандын “Көкбөрү” федерациясын жетектеген. Социалдык тармактарда, кээ бир маалымат булактарында  “көкбөрү” оюнунун казакча “көкпар” деп аталышы жана тайказандын алынышы тууралуу коомчулукта ар кыл пикирлер жаралып, кызуу талкуу болгон.

Канат Исаев маалымат жыйынында кыргызча “көкбөрү” деген сөз казактарда “көкпар”, афгандарда “бозгашт” болуп айтылганы менен бир эле маанини берерин жана спорттун кээ бир түрлөрү ар башка элде өз тилинде айтыларын, ошондой эле алгач “Көкбөрү” федерациясы Кыргызстанда түптөлгөндө документтерге 3 мамлекет кошо кол койгонун айтты. Аны менен катар 2013-жылда Казакстанда түзүлгөн Түрк тилдүү мамлекеттердин “Көкбөрү” ассоциациясына Кыргызстан мүчө болуп киргенде кол коюлган документ тууралуу түшүндүрмө берип, кыргыз тарап ал документке кол коюу менен Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбады деген түшүнүктүн туура эместигин жана аталган ассоциацияга Кыргызстан, Өзбекстан, Турция жана Казакстан мамлекеттери, ал эми Эл аралык “Көкбөрү” федерациясына 14 мамлекет кирерин айтты.

Эл өкүлү “Көкбөрү” федерациясынын эрежесин ассоциация таптакыр өзгөртүп жиберет дегендин өзү туура эмес экендигин айтып, ассоциацияга Кыргызстан мүчө болуп киргенде ал жерде тайказандын болушу же болбошу жана мүчө болгондон кийин эрежелер өзгөрөт деген сөз болбогондугун маалымдады.

Ал “2014-жылдардын башында биз ассоциацияга мүчө болуп кирсек, биринчиден, Казакстан 4-5 жыл бою тайказандын үстүндө өзүнүн чемпионатын өткөрдү, экинчиден, Астанада Азиянын биринчилиги болуп жатканда да оюн тайказандын үстүндө болду. Көчмөндөр оюндары үч жолу болду. Анын экөөнө казак командасы катышты. Анда да оюн тайказандын үстүндө болгон. Эгер, биз ассоциацияга мүчө болгондон кийин тайказандан кол жууйбуз, оюндун эрежеси өзгөрөт десек, анда мүчө болуп кирген жылдарда эле тайказан жок болуп калбайт беле. Муну мен бул процесстерге катышып жүргөн адам катары айтып жатам”, — деди.