Сауд Аравияда кыргыздар “кумдан шаарча курушту” 

Этноюндар фестивалына катышуу үчүн Кыргызстандан кеткен күлүктөр, тайгандар жана куштар 26-февраль күнү аман-эсен Сауд-Аравияга жетти.

Эми алар 9-марттан 24-мартка чейин 98 мамлекеттин өкүлдөрү катыша турган  этнофествалда  маданият жана спорт жаатында таланттарын көрсөтүшөт.

Тактап айтканда, жакынкы күндөрү эки миңдей кыргызстандык «Көчмөндөр ааламы» деп аталган этнофестиваль менен Сауд Аравияда өтө турган Camel Fest фестивалына катышат.

Төө фестивалы 2017-жылы негизделип, Сауд Аравиясынын падышасы Абдул-Азиздин (King Abdulaziz Camel Festival) ысымын алган. Бийлик тарабынан каржыланган иш-чара жыл сайын Эр-Рияд шаарынын Аль-Саяхид айылында өткөрүлүп, бир айга чейин созулат. Фестивалдын программасында төө чабыш, төөлөрдүн талантын көрсөтүү, төөнүн терисинен жасалган буюмдарды көргөзүү каралган. Жыйынтыгында эң мыкты жаныбар тандалат. Интернеттеги ачык булактарга таянсак, байге фондусу 57 миллион доллар, ал эми фестивалды көрүүгө күн сайын 35 миңге чукул адам келет.

Төө фестивалынын комитети (Camel Club) 2019-жылдан тарта эл аралык макамга ээ болгон. Тагыраагы, комитет быйылкы фестивалдын алкагында 100дөй мамлекет менен биргеликте маданий жана спорттук төмөнкүдөй  программаларды тартууламай болду.

Улуттук күрөш: алыш, гореш, гуштини мили камарбанди, гюлеш, кураш, кыргыз күрөш, монгол бох, самбо, ссирым жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү.

Жеке кармаштар: маст-рестлинг, армрестлинг жана аркан тартуу.

Интеллектуалдык оюндар: тогуз коргоол, овари.

Көргөзмө программадагы оюндар: көк бөрү, эр эңиш, жигитовка, көчмөндөрдүн улуу кармашы, салттуу жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, бүркүт салуу, далба, тайган жарыш, ордо, айкүр жана уюм тууду.

Азыркы убакта этношаарчада Кыргызстандын кумдан курулган  шаарчасы пайда болду.

Бул шаарчаны жаратыш үчүн Кыргызстандан 30 скульптор жана сүрөтчү катышууда. Кумдан курулган композицянын ичинде кыргыз калпагы, көөкөр ж.б. бар. (Ж.И.)