«Нарын» ресторанынын артында кимдин кызыкчылыгы турат?

Бишкек шаарындагы «Нарын» рестораны –  совет доорунан калган маданий жайлардын бири. Бишкек мэриясы тарыхый маанисин жоготту деген шылтоо менен, маданий макамынан ажыратып, аны бузуу чечимине келиптир. Мунун артында дагы кимдин кызыкчылыгы турат? Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Депутат билдиргендей, чет өлкөлүк архитекторлор да, жергиликтүү адистер да «Нарын» ресторанынын имаратын оӊдосо боло турганын айтууда. Тилекке каршы, ага жеке кызыкчылыгы бар тараптар кулак каккысы келбейт.

Ирина Карамушкинанын пикири боюнча, совет доорунан калган бул тарыхый жана маданий имаратты капиталдык оӊдоодон өткөрүп, Жаштар ордосуна айландыруу керек. Ошондуктан Өкмөт бул маселени кылдат иликтеп чыгып, туура чечим кабыл алууга тийиш, дейт депутат.