Сот органдары АЛДАМЧЫЛЫККА адам укугун тебелетпей арачалап кала алабы?!

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акыркы жылдарда алдамчылыкты үй-бүлөлүк кесипке, адатка айлантып, арам акча жасагандар көбөйдү. Мындайлардын алдооч баштыгына азгырылып, ичпей-жебей, маңдай тери менен тапкан акчасын алдаткандардын саны да өсүп баратат. Бул көрүнүш кадыресе тенденцияга айланып, жүздөгөн жарандар кашыктап чогулткан акчаларынан, айрым учурларда үстүндөгү үй-жайынан айрылып калууда. Ал эми өлкө мыйзамдары жана укук коргоо органдары тагдырдын тайгүлүк ташына кабылган жабырлануучуларды коргобой эле, алардын тагдырына кайдыгер карагандай кырдаал түзүлгөнү, жарандарыбызды сызга отургузган алдамчыларды коргогондой, алардын талабын талашкандай жагдай жаралганы ойлондурбай койбойт.

Бишкек шаарынын тургуну Мусаева Асель мындан 10 жыл мурда ошондой алдамчылардын салган торуна түшүп, 2011-2014-жылдарда эже-сиңди Азира жана Назира Нусуповаларга мына-мына үй сатып алам деп чогултуп жаткан 65 миң АКШ долларын кармата берген. А.Мусаеванын ишенимине киришкен эже-сиңдилер алгачкы 31 миң долларды 2011-жылдын майында алса, ал эми калган 34 миң долларды 2014-жылы ноябрда үч бөлүп (11 миң $, 12 миң $, 11 миң $) алышкан. Бул алдамчылыктын баары “Мадина” базарындагы Азира менен Назиралардын кийим тигүү цехтеринде болгон.

Эже-сиңди Нусуповалар колунда жок бей-бечаралар эмес, иши жүрүп, ити  чөп  жеген ишкерлер  болгон. Жабырлануучу А.Мусаеванын айтымында, ошол учурда  “Дордойдо”, Москвада тиккен кийимдерди саткан контейнерлери болуп, “Мадинада” экөө тең кийим тигүү цехтерин иштеткен. Иши илгерилеп, соодасы жүрүп, кирешени күрөп, үстү-үстүнө үй, машина алышкан. Восток-5 кичирайонунда эки үч бөлмөлүү квартирасы болсо да, а өздөрү башка даректе турушкан. Арийне, алар канчалык пайдага туйтунбасын, А.Мусаевадан алган карыздарын берүүгө шашылышкан эмес. Аны улам алдап, тил эмизишип, карыз берүүнү улам кийинкиге жылдыра беришкен. Акча дегенде көзү кызарып, адамгерчиликти унуткан эже-сиңдилер акча бербестин амалына өткөнүн түшүнгөн А.Мусаева 21.01.2016-жылы гана Нусуповалар жазып берген тил каттын негизинде Биринчи май сотуна кайрылат. 22.01.2016 ж. Биринчи май райсотунун ГД-1119/16 .БЗ аныктамасы менен Нусупованын үйлөрү: Ак Бо-сого, Чүй 5-3, пр. Чүй үй №115а-61  камакка  алынат.  Кыскасы, бул  ишти  судя  Ботобаев  Н., кийин Уметова Т. ишти карап, 06.03.2017-ж. Нусуповалар 31 миң долларга жана 55 миң долларга жазып берген эки тил каттын 31 миң долларына гана сот аныктамасы чыгып, 55 миң доллардык тил кат каралбай калган. А.Мусаеванын пайдасына 2531793 сом өндүрүп берүү тууралуу Д№ГД-31/17БЗ сот чечими чыккан. Чечим күчүнө кирип, Биринчи май ПССИге 4.07.2017-ж. аткаруу баракчасын ишке тапшырган. Азыркы маалда Биринчи май ПССИде аткарылбай келет. Ушерден белгилей кетчү нерсе, соттун чечими 31 миң долларга гана чыккан. Калган 34 миң доллардын тагдыры абада асылган бойдон кала берген.

Эже-сиңдилердин амалын караңыз, А.Мусаевага акча бербестин амалын кылып, 2014-жылы апрелде Ак-Босогодогу үйүн “Оптима” банкына, 15.12.14-жылы Чүй проспектисиндеги эки бөлмөлүү квартирасын “Салымфинанска” “күрөөгө” койгон. Жабырлануучу А.Мусаева: “Нусуповалар “Оптима” менен “Салимфинанстан” кредит алган эмес. Менден алган карызын бербеш үчүн эле кредит алды деп катталган. Мага эле акча бербестин амалы. Аталган банктардын Нусуповалар менен жең ичинен сүйлөшүп алышкан айрым кызматкерлери аларды ар түрдүү амалдар менен корголотуп, банктагы күрөөдө турган үйлөрүн да чыгарып берүүнүн амалын жасап жатат. Эгер банкта күрөөдө болгону чын болсо, 29.06.16-ж. эмнеге Мамкаттоодон дубликат алып, үйдүн документин жасап жүрөт. Ушул эле жылдын май айында сот отурумуна келбей, паспорт жасатып жүргөнүн кандай түшүнсөк болот. Кылмыш ишин жашырып жүргөнүбү?” дейт.

Учурда жабырлануучу А.Мусаева Нусуповалардын үйлөрүн камактан чыгарууну көздөгөн банктар менен соттошууда. Банктар колдорунда соттун аткаруу баракчалары жок туруп, Нусуповалардын күрөөгө коюлган үйлөрүн алабыз деп жатыптыр. А ошол эле учурда А.Мусаеванын колунда соттун аткаруу барагы бар туруп, Нусуповалардан карыз акчасын өндүрө албай жатат.

“Банк кызматкерлери эже-сиңдилердин кызыкчылыгын коргоп жаткан жокпу” деген күдүк ойго түрткөн бир топ жагдайлар бар. “Оптима” банк Нусупованын үйүн камактан чыгаруу жөнүндө сотко кайрылган экен, банктан өзүн “Жанармын” деп тааныштырган бирөө чалып: “Сот отурумуна келиңиз” деп чалат. А.Мусаева сот отурумуна барат. Сот жүрүшүндө А.Мусаева банктын өкүлүнөн Нусупова карыз алгандыгы тууралуу далил кагаздарын сурайт. Банк далил кагаздарды бере албайт. Банктын далил жоктугуна байланыштуу Биринчи май райондук соту банктын доо арызын аткаруудан баш тартат.

Банк шаардык сотко кайрылат, шаардык сот да доосун четке кагат. Төмөнкү эки инстанциядан мындай жооп алган соң, банк Жогорку Сотко бербейт да, Нусупованын үйүн камактан чыгаруунун башка амалын кылып, бейтарап сотко кайрылат. Бейтарап сот 2017-жылдын 23-октябрында банктын өтүнүчүн канааттандырган чечим чыгарып берет. Банк мына ушул бейтарап соттун чечиминин негизинде кайрадан райондук сотко кайрылат. Райондук сот 2018-жылдын 4-апрелинде банктын өтүнүчүн канааттандырган чечим кабыл алган. А.Мусаева райондук соттун чечимине карата доо арыз менен шаардык сотко кайрылат. Шаар райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. А.Мусаева КР Башкы прокуратурасына доо арыз менен кайрылган. А.Мусаеванын кассациялык арызы Жогорку сотто 19.12.18-ж. каралып, 30.07.18-ж. шаардык соттун аныктамасын бузуп, 04.04.18-жылдагы райондук чечими кайра каралсын деп шаарга жөнөткөн. Шаардык сотто 31.01.19-ж. кайра каралып 04.04.18-ж. райондук чечимди бузуп, кайра кассация менен каралсын деген тыянакка келишкен.

А.Мусаева ар бир жазган арызында КР ЖПКнын 220-бер. 3-бөл. ылайык, күчүндө турган чечимдердин негизинде ишти токтотуш керек деп белгилеген. Банк бейтарап соттон 23.10.17-ж. чечиминин негизинде Биринчи май райондук сотко арыз менен кайрылып, аткаруу барагын алганга аракеттенет. Сот бул иште А.Мусаеваны кызыктар тарап катары кабыл алат. Мусаева райсоттун канцеляриясы аркылуу улам-улам арыз жазып, арыз менен кошо далил материалдарды тиркеп, натыйжада Биринчи май райондук сот аткаруу барагы банкка берилбесин деп аныктама чыгарат. Бейтарап соттун арбитри КР мыйзамдарын, жарандык-процессуалдык өндүрүштү бузуп, банктын кызыкчылыгын колдоп ишти бир жактуу карап, чечим чыгарган. Че-чим  чыгып  жатканда, А.Нусупова, анын  кепили

Н.Нусупова, Ураимов  Ж.,  Мусаева чакырылган да, катышкан да эмес. Алар  түгүл  банктын өкүлү да катышпаган. Бул маалда Свердлов  райондук  сот  25.10.17-ж. баш  коргоо  чарасын  караган өкүм  чыгарып,  А.Нусупова 28.08.17ден 25.11.17 СИЗО-1де отурса, Н.Нусупова Түркияда, Ураимов Россияда иштеп жаткан. КР ЖПК 3-гл. 27-б. боюнча бейтарап сот банкка чечим бергенге укугу жок. Себеби, райондук соттун 21.06.17-ж. чечими эбак күчүнө кирген. Демек, бейтарап соттун чечими анык эмес деп эсептелет. 22.01.19-ж. аныктама боюнча банк шаардык сотко жеке даттануу менен кайрылса болот дешет. Ал ортодо Биринчи май сотунун А.Мусаеванын пайдасына  Нусуповадан  акча өндүрүү тууралуу чечими аткарылбай, эже-сиңди Нусуповалар алган 34 миң доллар тууралуу таптакыр эле сөз да болбой, алдамчылыктын  объектисине айланган 65 миң доллардын тагдыры абада асылган бойдон турат.

Эми  “Салымфинанс”  жөнүндө  эки  ооз  сөз.  Аталган банк  2017-жылы  Свердлов райсотуна А.Нусупова, Ж.Ураимовдон карызды өндүрүү жана  күрөөгө  коюлган  үйүн  банк  өзүнө  өткөзүп  алуу тууралуу  арыз  менен  кайрылат,  31.01.17-ж.  сот №ГД-117/17Б4 доону кароосуз калтырат. Банк кайра  эле  доо  арыз  менен  Нусуповадан  кредит  боюнча  карызын  өндүрүү  боюнча  Свердлов  райондук сотко кайрылат, сот 31.01.2018-ж. №ГД-344/18Б4 банктын доосун канааттандыруудан баш тарткан чечим чыгарган.

Эже-сиңди Нусуповалар Мусаеванын 65 миң долларын алып эле, бир жолу эле күйдүргөн эмес. Алар карыз алган акчаларын бербегени аз келгенсип, 2014-жылы 30-октябрда А.Нусупова “мен төлөп берем” деп ишендирип, кепил болуп, ККИБ банктан 10 жылдык

мөөнөт менен 64 миң доллар кредитти Мусаевага алдырткан. Мусаеваны, банктын кызматкерин машинасына салып алып, тиешелүү документтерди топтоттуруп ташып жүргөн. А.Мусаева Азира Нусуповадан оозу күйүп калганына карабастан, үй-жайын банкка күрөөгө коюп, олчойгон карыз алган. Бүгүн ал Нусуповаларга берген карызын ала албай эле күйбөстөн, ошол  алган  кредитин  эки  эселеп  төлөп,  дагы  бир күйүүдө.

“Оптима” жана “Салым финанс” банктары, райондук, шаардык соттор, бейтарап сот, Жогорку сот жалгыз бой аял, эки кыздын энеси А.Мусаеванын абалын туура түшүнүп, мыйзам жана адамгерчилик чегинде бул ишти чечет деген ойдобуз.

Андан да укук коргоо органдарына кулагына сырга катары айтып койчу нерсе, эже-сиңдилер жалгыз гана  А.Мусаеваны  алдаганбы,  же  алардын  торуна башкалар да чалынганбы, текшерип койсо, ашыктык кылбайт.