Алсызды колдоп, саткынды кечире алчу эмес

Садыркулов Медет Чоканович кыргыз саясый олимпинде жанган жылдыз болчу. Ал эгемендүү Кыргыз мамлекетинин түптөөдө өзүнүн билимин, тажрыйбасын аябаган инсан болгон. Анын басып өткөн жолу жаш мамлекетибиздин калыптануу доору менен тыгыз байланышта болуп келген. Арадан канча мезгил өтсө дагы күчтүү уюштуруучу, замандын күрөө тамырын кармай билген чыгаан жетекчи катары унутпай келебиз. Ар кандай саясый кырдаалдан чыгууда “караңгыда көз тапкан” кыраакылыгы, табият тартуулаган лидерлик сапаты эң оболу элибиздин кызыкчылыгын көздөп, жакшы жашоого болгон үмүткө жетелеп турар эле. Өзүнүн жетекчилик талант көрөңгөсү менен кызматтык сыноолорду басып өтүп, мурунку президенттер Акаев, Бакиевдин бийлигинин таасирлүү адамына айланса дагы, өз принцибине бекем туруп, калыстыгынан тайган эмес. Ал мамлекетке кызмат кылуу үчүн жаралган инсан эле. Мына ушундай мекенчил жараныбыз Медет Садыркулов мындан туп-туура он жыл мурун Бакиевчил бийликтин мыкаачы канкорлорунун колунан каза болгон. Арийне, чынчылдыгы, калк камын ойлогон мамлекет куруудагы улуу максаттары, тыным албаган иштермандыгы менен ал өзүнө өлбөс-өчпөс эстелик тургузуп кетти.

Медет  Чоканович  элетте өскөн бала. Атасы чарбада трактор айдаса, апасы саанчылыкты аркалап, жөнөкөй эл катары турмуш кечирип келишкен. Үйдө беш уул, эки кыз болсо, Медет алардын үчүнчүсү болуп көз жарыптыр. Мектепти «5»ке окуп, апасына жардам берип музоо багып, балтыр эти ката электе эле эмгекке бышып жетилген экен. Ал жашынан эле теңтуш балдардан өзгөчөлөнүп, жароокерлиги, шар жүргөндүгү менен айырмаланып турган. Өзүнүн туулуп өскөн айылындагы асыл тукум малды асыраган Ильич атындагы чарбада эмгек жолун баштаган.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган.

1977-1991-жылдарга  чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда комсомол комитетинин катчысы, андан кийин окутуучу, аспирант, КПССтин тарыхы кафедрасынын окутуучусу, ХХ кылымдын саясый тарыхы боюнча  студенттерге  сабак  өтүп келген. Ошол жылдары республикалык партбосстордун каршылыгына карабастан, өз талапкерлигин коюп,   мединституттун  партиялык  комитетинин  катчылыгына шайланган.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында КР Президенттин администрациясына ишке чакырылып, референт, сектор башчысы, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалап, башкаруунун бараандуу мектебинен өткөн.

Мамлекеттик башкаруу жаатында Турция, Голландия, Англия, АКШ, Польша, Япониядан билимин өркүндөтүп келген.

1995-жылы  Бишкек  шаарындагы Биринчи май райондук администрациясын  башкарып, социалдык-экономикалык   жана маданий көрсөткүчтөр боюнча республикада биринчи орунду камсыз кылган.

Андан кийин 1997-1999-жылдары Финансы министринин биринчи орун басары рангы менен мамлекеттик  салык  инспекциясынын  башчысы  болуп  иштесе, 1999-жылы мамлекеттик жетекчилик кызматтагы жетишкендиктери жана башкаруучулук жөндөмү жогору бааланып, КР Президентинин администрациясынын башчысы болуп дайындалат.

1999-2000-жылдары Эсеп палатасын жетектеп, КР жергиликтүү коомчулуктун кеңешинин президенти болуп шайланып, КР Президентинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча кеңешчи болуп дайындалат.

Андан кийин Медет Чокановичтин элчилик ишмердүүлүгү башталат. Элчилик ишти бийлик тарабынан жасалган «сүргүн» десек да жарашат. Анткени, мамлекеттик башкаруу бийлигинде ири тажрыйба топтогон инсандын чет өлкөгө элчилик кызматка жөнөтүлүшүнүн бирден бир себеби, Медет Садыркуловдун мамлекеттик маселелерди чечүүдө Президенттин үй бүлөсүнүн таасирин чектөө саясаты ошол учурдагы биринчи «ханзада» Майрам Акаева менен тымызын тирешүүгө алып келген деп айтып жүрүшөт.

Ошентип, 2000-2005-жылдары Кыргызстандын Иран Ислам Республикасында ыйгарым укуктуу элчиси, Экономикалык кызматташуу уюмунун Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын аркалайт.

2005-жылдагы март революция сындагы  саясый  окуяларга түздөн-түз катышып, мамлекеттик резиденцияда Акаевдик бийлик режиминин өкмөт башчысы Николай Танаевдин жана башка бийлик өкүлдөрүнүн отставкасын кабыл алууга катышкан. Акаевдин бийлиги кулагандан кийин Садыркуловдун саясый аренада өз позициясы менен чыгышы кээ бир адамдардын тынчын ала баштаган. Мына ушул күндөн Медет Чокановичтин саясый карьерасынын жаңы бийиктерине кадам таштайт.

2006-жылы Кыргызстандын Президентинин администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, 2007-жылдын апрель айынан администрация башчысы болуп дайындалат. Ал аралыкта Өкмөттүн аппаратын жетектеген.

2006-жылдары Галина Куликова, Эрнст Акрамов, Алмаз Исманкулов, Орзубек Назаров, Жаркын Бапанова, Сувакун Бегалиев, Наталья Щербакова жана башка саясый көз караштары дал келген замандаштары менен бирге «Моя страна» партиясын түзүп, анын төрагалыгына шайланат.

Ошол жылдарда Медет Садыркулов  илимпоз-саясат  таануучу, мамлекеттик ишмер катары эгерде мамлекет башкарууну жөнгө сала албаса, өлкөдө демократиялык реформаларды жүргүзүүнүн келечеги жок экенин жакшы түшүнгөн. Ошондуктан, март революциясынан кийин четинен урай баштаган бийликти калыбына келтирүү үчүн бүт күч-аракетин жумшай баштайт. Ал Бакиев менен кызматташып, мурунку бийликтин катачылыктарын кайталабоого ишеним артканы менен, ал жаңылыштык экенин түшүнөт. Ушундан улам Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы турууга бел байлайт.

2009-жылдын  8-январында өз эрки менен кызматынан бошоп,  Бакиевдик  бийликти  кулатуу боюнча саясый күчтөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү колго алат. Бирок, мекенчил инсаныбыз заманбап мамлекеттик башкарууну көздөгөн тилегине жетпей калды. 2009-жылы 13-марттын түнүндө Сергей Слепченко жана Кубат Сулайманов менен Алма-Атадан келе жатканда кылмыштуу бийликтин тымызын буйругу менен жолдон кармап кетишип, өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Медет Садыркулов байлык топ-тобогону, кабат-кабат үйлөрдү салбаганы менен ал өзүнүн урпактарына адамдык бийик сапатты таштап кетти. «Достор менен ийиндеше иштешүү, душманыңа бетме-бет келүү» принциби келечек муунга зор үлгү. Ал алсызды колдоп, сат-кынды кечире алчу эмес.

Медет Чокановичтин артында үч кызы калды. Мезгилинен эрте кеткен үй-бүлө башчысынын азасын күтүү жаш балдары үчүн канчалык кыйын, канчалык аянычтуу болгону менен, алар калкына ак ниет кызмат өтөөнү туу туткан мекенчил атасы менен турмушка тике карап сыймыктанууга толук акылуу.

Керимбек АЙТКУЛОВ, Бишкек шары