Акын Самидин СТАМБЕКОВ: «Көкүрөгүндө ыры бар адам жер тандабайт, Бишкектен кетсем да, поэзиядан кеткен жокмун»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Самидин байке, өткөн кылымдын 90-жылдары Чаткалдан Бишкекке келдиңиз да, кайра эле көп өтпөй Жалал-Абадга кеттиңиз. Борбор калааны “чанып” кеткениңизге эмне себеп болду?

– Мени Бишкекке адабиятка болгон ышкым жетелеп келген, башка эч кандай кызыкчылыгым деле жок болчу. “Борбордо жашасам адабий чөйрөгө жакын болом, ырларымды чыгарганга, элге таанылууга мүмкүнчүлүгүм болот”, – деген ой болгон. Ошондой эле болду, мен борбордо жашаган 1988–1994-жылдары, кыргыз адабиятынын классиктери катары таанылган С.Эралиев, С.Жусуев, Б.Сарногоев, А.Жакыпбеков, М.Гапаров, К.Жусубалиев, Т.Касымбеков, Ж.Мавлянов, Т.Байзаков, К.Акматов, А.Рыскулов сыяктуу көп акын-жазуучулар менен жакындан таанышып, айрымдары менен гезитке көлөмдүү маектерди уюштурдум, дагы бир топтору менен өң-тааныш болдум, айтор адабий чөйрөгө аралашып кеттим. Мен жашаган алты жылдын ичинде Фрунзе – Бишкек болду, социализм кыйрап, базар башталды, мен шаарда тыңгылыктуу оокат кыла албай калдым, анан Жалал-Абадга эмес, Чаткалга, өз айылыма кетип калгам, ал жакта дагы алты жыл жашадым.

Кийин ыраматылык Орозалы Карасартов, азыркы белгилүү журналисттер Бакыт Орунбеков, Кадыр Кошалиев чакыртышып, 2001-жылы облустук гезитке редактор кылышкан, ошондон бери Жалал-Абаддамын.

– Бишкектен кетсеңиз да, поэзиядан, ыр дүйнөсүнөн кеткен жокмун деңизчи?

– Жок, поэзияны таштаганым жок, бирок мен башынан эле аз, анан кыска жазууга умтуламын. Алтымышка чыкканча болгону үч китеп чыгардым, 2011-жылы “Самидиндин санаты” деген жыйнагымды иргеп чыгардым эле, ошону көп мактап калышат. Мен үчүн поэма деген жанр жок, жалаң эле ыр жазам. Анан ар кимдин жаза турган өзүнүн ыгы болот эмеспи, мен ырды көңүлүмдө жазам, көпкө чейин, кээде бир айлап оюмда кайталап, бышырып жүрө берем да, жетилгенде бир эле отурам, кээде ар башка маанайдагы беш-алты ыр жазылып кеткени ошондон. Азыр тажрыйбалуу болуп калдык да, ырды жазып, эки-үч ай карабай таштап коём, анан кайра карасаң, кемчиликтериң оркоюп чыга келет, антпесең жаңысында “Ичтен чыккан ийри жылан” дегендей, ар бир жазганың эле классика сыяктуу сезиле берет эмеспи.

– Чаткалдыктар “Чаткалдан Кожожаштар гана чыгат” деп айтышат, кокусунан минтип сизге окшогон акын жаралып калганына эмне себеп болду?

– Ошону ким айтса да жакшы айткан экен, акын деле Кожожаш да, ырдын кайберенин кубалап жүрөт. Биздин уруубуз кытай, Кожожаш да жыйырма үйлүү кытайдан чыккан деп айтылат, жети атадан нары жагыбыз Элтүзөр, Адыл мерген, Кара мерген деп ар бир бабабызга “мерген” деген сөз илешип олтуруп, айрымдар түз эле Кожожашка жеткирип ташташат.

– Кандайча ыр жазып калдыңыз? Канча жашыңызда? Өзүңүздүн устатыңыз деп кимди ойлойсуз? Кыргызда устат-шакирт уйкаш айтылат, өзүңүз шакирт күтө алдыңызбы?

– Биздин балалык цивилизациядан алыс, мээге шыкалган ар түркүн маалыматтар аз, ал тургай электр да жок (калганын элестетип ала бергиле) таптаза чөйрөдө, жаратылыштын  койнунда  өткөн.  Бир үйдө өзүм жалгыз, таята-таенемдин колунда чоңойгом, ошондуктан “Ак кемедеги” Нургазыны мен жакшы түшүнөм. Эптеп кат таа ныгандан эле китепке жармашкам, “Асан, Үсөн жана өчүргүч” (авторун билбейм), “Эки бөжөк” (Р.Шүкүрбеков), “Кыргыз эл жомоктору” сыяктуу китептер – биздин алгачкы соткабыз, телевизорубуз, гезит-журналыбыз болгон. Саал эс тарта баштаганда эпосторго кириштик, “Манас”, акындардын айтыштары – эмне деген керемет устаттар, анан түшүнүктүү да, эгер мен ошончолук кызыгуу менен жыгач жонсом, анда уста болмокмун, мен болсо адабиятка, акындык өнөргө кызыккам.

“Тирүү” акынды биринчи жолу Ошко келип көрдүм. Он жети жашымда студент болгом. Кармышак Ташбаев, Сатыбалды Кадыров, Нууман Сайдуллаев, Азада Бегимкулова, Тазагүл Закирова, Алымкан Дегенбаева, Атакул Жакыпов, Тургунбай Эргешов, Курманалы Калдыбаев, Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров, Турабай Жороев, Эгемберди Эрматов, Маркабай Ааматов – мына ушулар биздин чөйрө болчу. (Ким бирөөнү айтпай кетсем – үзүр). Менин устаттарым кыргыздын бардык атактуу акын-жазуучуларынын китептери болгон, кийин орус акындарын окудум, Ахматова, Есенин, Рубцов, Н.Озеров сыяктуулардын айрым чыгармаларын котордум, котормочулук – чоң окуу. Шукшинди, Думбадзени, Мурза акени (Гапаров), Распутинди, Пикулду аздек туттум. Кызык жери, мен поэзияга үлгүнү прозалык чыгармалардан көп табамын, жогоруда саналгандардын алгачкы үчөөсү жумшак юморлуу лириктер, ал эми кийинки экөө ырга масштабдуу, чоң ойлорду сиңирем десең, жардамга келишет.

– Акын адамга ырсыз жашаса болобу? Сиз үчүн поэзия эмне?

– Акындар ырсыз деле жашайт, бирок дилинде тынчтык бербеген сезими болсо, эртеби-кечпи, ачпы-токпу, ээн-эркин басып жүрөбү, же зынданда жатабы – сөзсүз ырга кайрылат. Буга мисал, концлагерде жатып “Моабит дептерин” жараткан Муса Жалил, оорусуна карабай ырга жармашкан Алыкул – айтор көп, атактуу Барпы апыз Бишкектин ооруканасындагы өмүрүнүн акыркы үч күнүндө токтобостон ыр төгүп, эсинен танып кетип, кайра эсине келгенде, кайра төгүп жатып үзүлгөн.

Мен үчүн – поэзия адамзатка кызмат кылуу, адамзатты тарбиялоо. Эгер дин десе эле исламды, ыр десе эле сөздөрдү төрт катарга уйкаштыра тизгенди эстебей, жалпы адамзаттык бийиктикке чыгып, ойлорду чулусунан таштай турган болсок, дин, искусствонун бардык түрү, идеология, асыресе, адабият – адамдын жан дүйнөсүн байытып, рухий азык бере турган, ага кызмат кыла турган каражат. “Мен ырларым менен жүз жылдан, миң жылдан кийин келе турган урпактардын жан дилин козгой аламын, ошолорду толкундатып, ошолорду ойго саламын”,- деп шер байлаган акын – чыныгы акын. Акын өз доорунан алда канча алдыда жүрүшү керек. Жаныңда жүргөн ким бирөөлөр: “Жакшы жазыпсың, – деп койсо, шерденип кетпей, көкүрөгүңө бир жылтырак тага койсо, калгандарга кырдана карабай, ошондой улуу максаттын соңунан түшсөң, өзүңдүн канчалык жапыста экендигиң, ойлоруңдун канчалык мажирөөлүгү – даана көрүнөт. Мына ошондой учурда чыйралып, мурдагы жазгандарыңдын бардыгы түккө турбай, “Мен, мына эми жазамын” дегендей демиң өчпөсө, анда – акынсың. Бирок, кыялыңды канчалык деңгээлде ишке ашыра аласың, аның башкаларга жагабы-жакпайбы, кылымга кызмат кыла турган чыныгы чыгарма жараттыңбы, же кезектеги эле жаркылдакпы – ал жагы башка, өзүнчө кеп.

– Дүйнөлүк адабият менен дурус  эле  тааныш  болсоңуз  керек, улуттук  адабияттан  дүйнөлүк адабияттын  катарына  коюуга татыктуу деп кимдерди, кайсы чыгармаларды айта аласыз?

– Бизден Төлөгөн Касымбеков, Мурза Гапаров, Сооронбай Жусуев, Байдылда Сарногоев, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов, Жолон Мамытов, Казат Акматов ж.б.ларды дүйнөлүк классиктерге кошсо болот.

–  Сиз  “жоголгон  муунд ун”, адабиятка 70-жылдардын аягы 80-жылдардын  башында  келген муундун катарына киресиз, сиздин баамыңызда  кимдер  “жоголду”, кимдер “жоголгон” жок.

– “Акындар адабиятка үйүрү менен киришет”, – дегендей кепти Омор агабыз (Султанов) айткан деп жүрүшөт, ошонун чындыгы бар. Биз советтик идеологиянын алпештеген балдары болгондуктан, балким, адабиятка бир үйүр эмес, үч-төрт үйүр болуп кирдик окшойт, өтө көп элек дегеним. Жоголуп деле кеткенибиз жок, ар кимибиз колубуздан келгенди жасагансып жатабыз, сый-урмат алгандардын деле катарындабыз, бирок биздин муундан, айталы, Олжас Сулейменов, Расул Гамзатов, Омор Султанов сыяктуу бөлүнүп чыккан эч кимибиз болбодук, ошон үчүн бизди жоголуп кетти деп жатышат да. Бул кептин чындыгы бар, анткени менин муунумдагы акындар ар кимиси өз чөйрөсүндөгү, өзү көргөн-билген “чакан аалам” менен алышып, майда-барат ойлордун туткунунда кармалып келе жатышат. Качандыр бир убакта оозго алына калганы үчүн өздөрүн классик катары сезишип, болор-болбос сынды да көтөрө албай турган, туталанма касиет күтүп алышты. Көпчүлүгү бир мезгилде жеткен бийиктигинен ары көтөрүлө албай жер таптап турушат, минтип оор карда калган жылкылар гана оттошот. Айтор, “Жоголгон муун” деген сөз “өзүнө чейинкилердин салтын татыктуу уланта албаган муун” дегендин эле өзү. Мындай баа менин муунумдагыларды уялтышы керек.

–  1950–80-жылдарда  “акын болгусу келген ыр талапкери сөзсүз ичиш керек” деген ураан бар эмес беле. Мидин ичти, Райкан ичти, Байдылда алардан ашып түштү. Башкалары деле алардан кем калган жок. Акын-жазуучу болгусу келгендер сөзсүз ичиш керекпи?

– Жогоруда тизмеленген үч акынды баш кылып, Какен Алмазбеков, Жоробек Султаналиев, Асан Токоев, Айтмамат Үмөталиев, Медетбек Сейталиев, Курманалы Калдыбаев, Тургунбай Эргешов, Камалдин Султанбаев, Айдарбек Жанбалаев сыяктуу дагы башка толуп жаткан акын-жазуучулардын баарын аксаткан дал ошол ичкилик болгон. Ичкилик – жоо, “Таза ыр – таза мээден чыгат”, – деген эле Жолон Мамытов, андыктан чыныгы акын болом дегендер ичпеш керек.

– Акыркы жылдарда адабиятта “станок акындар”, “станоктон чыккан ырлар” деген түшүнүктөр пайда  болду.  Бул  канчалык  так аныктама? Адабиятка “станок акындар” керекпи?

–  Поэзия  –  нукура  бермет  сыяктуу, миңдин биринде болот, аны станокто жасап, заводдон чыгарып алууга болбойт. Бирок азыр акындарга футболчулар сыяктуу мамиле кылып калышты, футболдо өмүрү топ кармабаган киши деле ортодогу оюнчуну үйрөтө берет эмеспи, ырга да ошондой карашат, кыргыздын баары эле ыр жаза алат. Таң калар жери, жазмакерлер ушунчалык көбөйгөндө, чыныгы поэзия байкалбай, баркталбай, куну жок, утурумдук, алашем ырлар оозго алына баштайт экен. Бирок буга профессионал деген акындар өздөрү да жол берип коюшкандай, мисалы, поэзияга кызыккан кыргыз акындарынын кимисинин болбосун алдына 30-40 акындын ырын таштап авторун тап десең, көпчүлүгү “Бул – Алыкулдуку, бул – Байдылданыкы, Бул – Жолондун үнү, бул – Табылдынын стили” дегендей кылып ажырата алышат, анткени ал акындардын поэзиясында өздөрүнүн ички “үнү” бар. Ал эми биздин муундагы акындардын поэзия дагы аалам таануусу, сүйүүсү, кайгысы, кубанычы, көргөн жери, жазган ырлары – баары эле окшош, кудум бир станоктон чыккандай, себеби биз өз жолубузду түзүктөп түптөй элекпиз… Көпчүлүктүн шарында жүрөбүз, Мидин айткандай: “Жөн эле топ менен келе жаткан баатырларбыз”.

– Чыгармачылык өнөрканаңыз тууралуу кеп кылсаңыз, “кризиске” кабылган жоксузбу?

– Мен шарт тандабай, жер тандабай, көңүлгө ой уютканды жакшы көрөм, кээде көкүрөк какшып, каалагандай ыр чыкпай калган учур болот, кээде ыр өзүнөн-өзү төгүлөт. Сүйүнбай Эралиевдин: “Кээде адам баралына жетип, кандай чыгарма болсо да жазып сала тургандай бийикте болот, “Ак мөөрдү” жазганда мен ошондой абалда элем”, – деп айтканын көп эстейм. Мен бир-эки жылдан бери ошондой көтөрүңкү дем менен жүрөм, көлөмдүү проза баштап алгам, “Адам”, “Өмүр” (Бул жеке-жеке ырлардан куралган топтомдор, негизги ой ушул темаларга байланат деген сөз, бирок мен мындай кургак ат койбойм) деген философиялык ырлар топтомдорун жаратууга далалаттанып жүрөм.

– Жаш акындарга кандай кеп-кеңеш берет элеңиз?

– Жаштык кайталангыс курак. Мен да мезгилинде: “Аалы Токомбаев – акын эмес”, – деп аттуу-баштуу адабиятчылардын келмесин оозунан түшүргөм, “Сүйүнбай Эралиев “Кызгылт багымдат” деген ыр жыйнагы үчүн уялышы керек”, – деп сындагам. Мен жаштарды мына ушундай жигери болгон үчүн жакшы көрөмүн. Алар көп, огеле көп окусун, канчалык бийикке жетсе, ошончолук жөнөкөй болсун. Акындар ар дайым эл кызматында турушат, андыктан Адамга жакын болуп, Адамга ишенип, Адамды сүйүп жашаганды үйрөнсүн. Биздин мамлекеттеги бүткүл идеология, карманган дин, искусство, саясат Кыргыз мамлекетинин эркиндигин сактап, аны өнүктүрүүгө, өлкөбүздү сүйүүгө кызмат кылбаса, анда алардын кымындай да баркы болбой тургандыгын эртелеп түшүнүп алышсын.