Абусатар ИНАНОВ, магистрант: «Мен өз алдынча жашоону Кыргызстандан үйрөндүм»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Сүрөттө: Абдусатар Инанов ортодо


– Абдусатар, өзбекстандык кыргыз баланын Кыргызстандагы студенттик  жана  магистранттык таржымалы окурмандарга кызык болор деп ойлойм?

– Туулган жерим – Өзбекстандын Жизак облусунун Бакмаалы району. 9-классты кыргыз тилинде аяктап, Жизактагы техникалык кызмат көрсөтүү колледжине кирип, өзбек тилинде билим алдым. Ошол үч жыл ичинде, колледжден сырткары англис тили курсуна кирдим. Курс эртең менен беште башталып, сегизде колледждеги сабагыма барчумун. Он эки, бирге чейин колледжде окуп, кайра саат экиден – алты, жетиге чейин англис тили курсуна барчумун. 2011-жылы окуумду улантыш үчүн Кыргызстанга жүрүп кеттим.

– Мурда келдиң беле?

– Жок. Кыргызстанда кандай университеттер бар, кантип, качан тапшырыш керегинен толук кабарым жок. Болгону, көп жыл мурун айылдаш байкем Бишкекке көчүп кеткен. Лазиз деген баласы бар эле, экөөбүз 4-класска чейин чогуу өскөнбүз. Бир жолу досум “Берекет-Гранд” деген жазуусу бар мекеменин жанында турган сүрөтүн жиберген. Ошентип, кыялым ишке ашып, Баткен аркылуу жол жүрүп, үч күн дегенде борборго келдим. Такси Ош базарынын жанынан түшүрүп койду. Кайда барарымды билбей туруп калдым. Ишенип келген байкемдин дарегин да билбейм.  Ары-бери  басып  карасам,  баягы мен сүрөттөн көргөн “Берекет-Гранд” турат. Ичине кирсем – соода борбору экен. Кыдырып  жүрүп  биздин  айылдык  бир байкеге жолугуп калдым. Ал-акыбал сурашып: “Азыр эле келдим, ушундай бир байкем бар эле, тааныбайт белеңиз?” – десем: “Тааныйм, азыр эле ушул жерде жүргөн”, –деп, ага телефон чалса: “Кайсы иним болду экен?” – деп таң калып келди. Араң тааныды. Мен эр жеткени көрө элек да.

– Оңдой берди болуптур да.

–  Ооба.  Ал  күнү  байкемдикинде түнөп, эртеси Ишеналы Арабаев атындагы  окуу  жайга  келип,  документимди тапшырдым. Экзаменден да жакшы өттүм, документ иштери да жеңил бүттү. Бирок… ал окуу жайдын эмес, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенти болдум…

– Кандайча?

– Шаарда мен билген 135-маршрут бар болчу. Шаардын сыртынан борборго чейин келип, шаардын ичинде ага отурчумун да Арабаев окуу жайына келчүмүн. Бир күнү уктап калып, Жал кичи районуна өтүп кетипмин. Ойгоно калып: “Кайда келип калдык? Ош базарына жете элекпизби?” – десем: “Өтүп кеттиң. Эми жолдун аркы бетинен кайра отур”, – деди. Жолдун  аркы  бетине  өтсөм:  Кыргыз-Түрк “Манас” университети деп турат. Кызыгып, ичине кирдим. Ушунчалык кенен, заманбап салынган окуу жайы экен. Кызыгып калдым. Дароо эле анан Арабаевге келдим дагы, документимди кайра алып алдым.

“Манаска”  шашып  келсем:  “Кабыл алуу бүткөнү качан, кечиктиң! Эмки жылы келесиң”, – деп жатышпайбы. Шалдая түштүм. Бирок болбой эле окуу жайды айланып басып жүрө бердим. Анда ректор Сулайман Кайыпов агай болчу. Бир убакта алдымдан Тамара Карашева деген эжей чыгып калды. “Эже, Арабаевге өтүп, бирок бул жактан окугум келип документимди кайра алып алдым эле. Эми эмне кыларымды билбей жатам. Бир жылым өтүп кетип жатат”, – дедим. Тамара эже документимди алып калып: “Эртең он экиде келип көрчү”, – деди. Эртеси он экиде келсем Кадыралы Коңкобаев агай кабыл алды. Кайдан келгенимди, чоо-жайымды сурап: “Маселеңди окуу жайдын сенатында карайбыз. Жообун күт. Болсо, окуп каласың, болбосо кийинки жылы келесиң”, – деди. Ошентип, күтүп жүрдүм. 1-сентябрь болду. Окуучулар, студенттер, баары окууга жөнөп жатышат. А мен телефондон жооп күтүп, байкемдин чөп-чабыгына жардам берип жүрөм. Ара чолодо келип, экзаменден өткөн студенттердин тизмесин карайм. Жокмун.

12-сентябрь күнү тракторго чөп басып талаада жүрсөм, телефон чырылдап калды: “Абдусатар сизби? Сиз эмнеге окууга келбей жатасыз?” – дейт. “Өттүм беле?” – дейм. “Өткөнсүз, келиңиз!” Ошол замат баарын таштап чуркаганымды айтпа! Түз эле окуу жайга келсем, сабак эчак бүтүп, университет жабылып калыптыр. Бир убакта колледжде чогуу окуган бала жолугуп калды. Ал жатаканада жашайт экен. Мени ээрчитип барып бөлмө алып берди. Ошентип, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунда окуп калдым. Даярдоо курсунан кийин он алты мамлекеттен келген абитуриенттердин арасында эң жогорку упай алып, 1-курска өттүм. “Эми каалаган факультетиңди танда”, – дешти. Мен Түркология факультетин тандадым. Окуу жайдын коомдук иштерине активдүү катыштым.

Окууну бүткөндөн кийин мени магистратурага сынаксыз кабыл алышты, иш да беришти. Кыргызстандын жарандыгын алдым.

–  Бирок,  ошол  маалда  Өзбекстанга кеткен бойдон бир жылдан ашык  келбей  калганыңа  не  себеп болду?

– Ата-энемден кабар алып, учурашып келейин деп кеткем. Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы жакшырып, жолдор ачылып, алака дурусташып калган. Үйгө баргандан эки сааттан кийин кылмыш иликтөө органынан эки киши келип: “Эртең биздин бөлүмгө барып кетиңиз”, – дешти. “Макул”, – дедим. “Сиздин Кыргызстандан келгениңиз тууралуу айылыңыздан кабарлашты. Ал жакта эмне кылып жүрдүңүз? Эмнеге кеттиңиз эле, эмнеге келдиңиз? Документтериңиз кайда? Эмнеге Кыргызстандын жарандыгын алдыңыз? ” – деп сурай башташты. Көрсө, мен үйгө келген кезде айылдаштарымдын бири: “Бул жөн кетип, жөн келген жок. Сирияга барып келди болуш керек”, – деп кабарлап коюптур. Интерполго кат жибердим. Бирок: “Сирияга барган эмес”, –деген жооп келгиче мени: “Үч жылга чейин Өзбекстандан эч жакка чыкпасын”, – деген чечим чыгарып коюшту. Ошентип, 2020-жылдын 5-майына чейин эч жакка чыкпай, өкмөткө иштеп беришим керек болчу.

– Анан кантип келип калдың?

– Мени курулушка кара жумушчу кылып ишке жайгаштырышты. Бат эле прораб болдум. Анткени, долбоордун баары орусча болгондуктан, менин тил билгеним, кагаз иштерине жакшы түшүнгөнүм жакты. Ошентип, менин жетекчилигим менен 2017-жылы үч корпустуу бир чоң мектеп, милиционерлер үчүн эки жер үй бүтүрдүк. 2018-жылы үч мектеп, үч үй салдык. Чакырган убагында ички иштер бөлүмүнө барып, отчёт берип турдум. Айтор, менден жагымсыз кыймыл-аракеттерди көрбөгөн үчүн бир жарым жылда Кыргызстанга кайтууга уруксат беришти. Ошентип, 2018-жылы ноябрда кайтып келдим.

– Учурда эмне иш менен алектенип жатасың?

– Буюрса, илимге баш-отум менен киришем деген оюм бар. Ага чейин азыр бир мекемеде ашпозчу болуп иштеп жатам.

– Ашпозчулукту да окудуң беле?

– Жок. Адегенде жөн эле ашканага жардамчы болуп киргем. Бир-эки жолу шеф повар келбей калып, ордуна иштеп бергем. Тамагым жагып калган экен, шеф повар кылып алышты.

– Түпкү максатың?

– Магистратураны бүтүрүп, анан докторлугумду жактасам деген максатым бар. Тилегим – тил илимине салым кошуу. Өмүрүм Кыргызстанда  өтөт  деп  ойлойм.  Анын үстүнө мен чоң дүйнөнү, өз алдынча жашоону Кыргызстандан үйрөндүм.

– Ата­энеңди көчүрүп келүү тууралуу ойлоносуңбу?

– Мурда ойлочумун. Азыр ал оюмдан кайткам. Анткени, атамдын атасы, анын атасы,  жети  атам  ошол  жерде  туулуп өскөн.