Футболго жаңы эрежелер киргизилди. Алар 1-июндан тарта иштеп баштайт

2-мартта Шотландияда футболдук ассоциациялардын эл аралык кеңешинин жыйыны өтүп, оюн эрежелерине жаңы өзгөрүүлөр киргизилди. Ага ылайык, жалпысынан 7 жаңы эреже кабыл алынып, алар ушул жылдын 1-июнунан баштап күчүнө кирет.

1. Гол жараткан же голдук пас чыгарып берген оюнчунун колу топко атайылап эмес, кокустан тийип кетсе да эреже бузулган болуп саналып, киргизилген гол эсептелбейт.

2. Алмашууга кетип жаткан оюнчу талааны толук кесип өтпөй, өзүнө жакын турган капталдагы чийин аркылуу чыгып кетүүгө милдеттүү.

3. Буга чейин машыктыруучулар оозеки түрдө эскертүү алып же талаадан четтетилип келсе, мындан ары аларга да сары жана кызыл айып кагаздары берилет.

4. Топту оюнга кошуу учурунда айып аянтчанын ичинде дарбазачыдан башка оюнчу топко тийгенге уруксат берилди. 

5. 11 метрлик айып сокку учурунда тебилген топту тоскон дарбазачынын бир буту дарбазанын сызыгына тийип турса жетиштүү.

6. Айып соккуну аткаруу учурунда коргонуучу команданын оюнчуларынан турган тосмого чабуул жасап жаткан команданын оюнчулары кошула албайт. Эми эки команданын оюнчуларынын ортосундагы минималдык аралык 1 метрден жакын болбошу керек.

7. Топ калыска тийип кеткен учурда оюн токтотулуп, топ талашка коюлат.