Президент үч өлкөгө элчилерди дайындады

Президент Сооронбай Жээнбековдун 6-марттагы жарлыктарына ылайык, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигине Мирослав Ниязов, Жапониядагы элчилигине Мирлан Арстанбаевди, Бельгиядагы элчилигине Муктар Жумалиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

5-мартта Жогорку Кеңештин тармактык комитети жогоруда айтылган талапкердери дайындоого макулдугун берди.