Четверг, 25 апреля, 2024
15.1 C
Бишкек

Мейкиндиктеги компьютер – көз айнеги

Apple компаниясы 8 жыл бою “Мейкиндиктеги компьютер” деп аталган гаджеттин үстүндө иштеп, ушул жылдын 2-февралында  гаджетти чыдамсыздык менен күтүп жаткандарга тартуулады.  Ошол эле күнү 200 миңден ашуун америкалыктар гаджетке ээ болушту. Гаджет адамдын көз карашы, колдун кыймыл-аракети жана үн менен башкарылат.

Apple Vision Proну «Мейкиндиктеги компьютер» деп атайт. Бул гаджет – кеңейтилген жана виртуалдык реалдуулуктун өзгөчөлүктөрүн айкалыштырган акылдуу көз айнек. Адам көз айнекти кийгенде виртуалдык режимдеги жашоодо болуп калат.

Гаджеттин баасы 3500 долларды түзүп, ал кымбат жана татаал түзүлүшкө ээ. Apple буга чейин эле 180 000 гарнитураны алдын ала буйрутма менен саткан. Ошентсе да компания бул жылы болгону 400 миң даана сатууну пландаштырууда. Бул 1,4 миллиард долларлык сатуу көлөмүнө туура келет. Эксперттер iPhone телефондорун сатуудагы ийгилик жаңы гарнитурада кайталанбайт дешет. Себеби, жаңы гаджеттин баасы массалык  керектөө үчүн өтө кымбат.

Айрым эскперттер Apple Vision Proну сынап көрүп, гарнитуранын иштешине 97% канааттанганын айтышууда. Алар негизги артыкчылыктар катары орнотуунун оңойлугун жана визуалдык чөмүлдүрүүнүн сапатын атады. Аппарат менен иштөө үчүн бөлмөдө кол контроллери же сенсорлор талап кылынган эмес, интерфейс функционалдык жана интуитивдик болуп чыкты.

The Verge журналынын башкы редактору Нилай Пател да жаңы гарнитураны иш жүзүндө сынап көрдү. Ал белгилегендей, Vision Pro Apple экосистемасынын бир бөлүгү болгондуктан, аны эс алуу үчүн, жумуш үчүн да колдонсо болот. Гарнитура менен сиз Excel, Webex жана Slack жана башка кеңсе программаларында иштеп, виртуалдык мейкиндикте калкып жүргөн 4K HDR чоң виртуалдык дисплейде тасмаларды жана видеолорду көрө аласыз.

Vision Pro көз айнеги — алюминий корпусундагы магний жана көмүртек буласынан, көпчүлүк  гарнитуралар пластиктен жасалган.  Vision Pro гаджетинин сырткы коргоочу айнегинин артында бир нече камера жана сенсорлор бар. Видео үчүн жогорку сапаттагы алдыңкы камералар, колдонуучунун колун көзөмөлдөө үчүн ылдый жана каптал жагында камералар, мейкиндикке көз салуу үчүн LiDAR сканери жана TrueDepth камералары жана инфракызыл прожекторлор бар.

Гарнитура M2 процессору жана жаңы Apple R1 мейкиндик сопроцессору менен иштейт.  Мындан тышкары гаджетти иштетүү учурунда муздатуу үчүн ичинде  желдеткичтер бар.

Vision Pro 23 миллион жана 7,5 микрометр өлчөмүндөгү эки MicroOLED дисплейди алды, бул болжол менен эритроциттин өлчөмүнө барабар. Алар окууга ыңгайлуу жана кино көрүү үчүн жетиштүү жарык.

Apple сыймыктана турган бул гаджеттин дагы бир өзгөчөлүгү анын көздү жана колду көзөмөлдөө тутуму болуп саналалат.  Башкаруу үчүн манжаларыңызды карап, кыймылдатуу керек. Сиз аны биринчи жолу колдонуп баштаганда, күтүлбөгөн жерден жаңы нерселерди акылыңыз менен кыймылдатуу үчүн эбегейсиз күчкө ээ болосуз.

Ошентсе да,  Apple Vision Proнун алсыз жактары бар экендигин технологиялык эксперттер белгилешүүдө. Гарнитура абдан салмактуу. Анын салмагы 600 грамм болгондуктан салмактын негизги бөлүгү бетке түшөт.

Эксперттер ошондой эле жаңы гаджет iPhoneду алмаштырбай турганын, фото жана видео сапаты жагынан андан бир топ төмөн экенин белгилейт. Гарнитура болгону 6,5 мегапикселдик резолюция менен сүрөт тартат жана секундасына 30 кадр менен 2200 x 2200 өлчөмдүү чарчы видеолорду тартат. Эгер сиз смарт көз айнектин экранында  фото жана видеолорду карасаңыз мунун баары визуалдык жактан жакшы көрүнбөйт.

Ошондой эле, Apple Vision Pro 600 тиркемеге мүмкүнчүлүк бергени менен Netflix, Google, YouTube жана Spotify сыяктуу кээ бир белгилүү кызматтар жок.

Гаджеттин дагы бир көйгөйү — эгер колдонуучу көз айнектин өткөрүүчү кодун унутуп кала турган болсо гарнитураны дүкөнгө алып барышы же атайын колдоо кызматына жөнөтүү керек.   Колдонуучу паролду көп жолу туура эмес киргизсе, гарнитура өчүп калат. Аны атайын колдоо кызматынын адиси гана кайра жандандыра алат. Бирок, андан кийин гарнитуранын бардык мазмуну жок кылынат.

Apple өзүнүн коопсуздук көрсөт­мөлөрүндө «Аппаратты эч качан  унаа, велосипед, оор техника же башка коопсуздук жараткан жагдайларда колдонбоңуз» деп кеңеш берет

Кенже Осмоналиева, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар