Борбор – өлкө маданиятынын күзгүсү

Ар бир мамлекеттин борбору чет элден жана өзүбүздүн аймактардан келишкен коноктор, саякатчылар же жөн эле жолоочулар үчүн өлкөнүн маданиятынын, илиминин, экономикасынын күзгүсү болуп эсептелет. Бизге келген адамдар Кыргызстан жөнүндө түшүнүктү алгач мамлекеттин дарбазасы болгон аэропорттон, анан темир жол жана автобекеттен, жамыраган таксилерден алышат. Аларга сылык-сыпаалыгыбызды, кичи пейилдигибизди, илбериңкилигибизди көрсөтсөк, утушка ээ болобуз.

Биз университетте окуп жүргөн мезгилде Фрунзеде болгону жети жогорку окуу жайы бар эле. Университеттер менен академиялардын саны дүркүрөп өсүп, студенттердин катары 250 миңден ашканы менен маданиятыбыз өсүп, илимибиз эл аралык же дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлө алган жок. Унаа тармагына келсек, өткөн кылымдын акыркы чейрегинде азыркыдай көп эмес сандагы автобустар, троллейбус жана кызматтык унаа каттачу. Калктын саны бүгүн миллиондон ашып кетти. Коомдук транспорттун ордун жайнаган кичи автобустар толтурушту. Алардын басымдуу бөлүгү эскирип, мөөнөтү аяктап жатат. Бишкектин көчөлөрү учурунда 25-30 миңдей автомобилге эсептелген болсо, бүгүн алардын саны он эсеге көбөйдү. Ошондон улам кээде көчөлөрдө тыгындар жарала калат. Эгемендүүлүк жыл-дарында айрым көчөлөр кеңейтилгени менен автобустроллейбустардын нормалдуу жүрүшүнө талаптагыдай шарт жок. Бөтөнчө автобуста бара жатып Ош, Аламүдүн, Орто-Сай базарларынын тушунда, кай бир тейлөө борборлорунун жанында автобусчуларды сыйлабаган менчик таксичилерди, бусиктерди көрөсүң. Мунун өзү жеткен маданиятсыздык – автобус-троллейбусту аялдамага токтотууга шарт болбой калат. Жол эрежелерин бузган айдоочуларга катуу чара көрүлүп, айыптар салынып жатканы туура болду.

Дагы бир көңүл иренжиткен көрүнүш – ордо калаабыздагы автобустарда аялдамалар, мамлекеттик тилде абдан начар жарыяланууда. Туура, казакча аярламадан-аялдамага которушту. Интернет тармагы киргизилди. Унаа ичинде шарттар, адамдардын бири-бирине сылык мамилеси, буюмдарынын сакталышы боюнча жарыялар берилгени дурус. Бирок, аялдамалардын аталышынын кыргыз тилинде окулушу канаттандырбайт. Маселен, «Улуттук илимдер академия» аялдамасы, «Пригородный айылдын башталышы», «ЦУМ Айчүрөк» деп которулбай, же такталып айтылбай кишинин башын оорутуп кете берет. №7 ав-тобуска отурсаңыз, Батыш унаа бекетинин жанындагы аялдама айтылбайт. Достук айылы эки түрдүү «айыл» жана «дача» болуп айтылат. Чамасы автобус-троллейбус

парктарындагы жетекчилер өзүлөрү кыргызчаны жакшы билишпейт көрүнөт. Орус тилиндегиси дурус эле жарыяланып, кыргызчага келгенде келегей тилге, маданиятсыздыкка дуушар болосуң. Эгерде тийиштүү жетекчилер тилибиздин баркы, мамлекетибиздин кадыры үчүн күйүшкөндө аялдамалардын бардыгын тактап алышып, Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрүнө көрсөтүп, масилеттешип, мыкты дикторлорго окутушканда оң болмок. Ушинтип коомдук унаада күн сайын бузулган кыргыз сөздөрүн уга берип кыжаалат болот экенсиң. Ал эми кышкы мезгилде автобустардын ичи дурус жылытылбай, шамал тешиктеринен ыркырап кирип турган учурларды көп кездештирдим. Буларды оңдоп, жүргүнчүлөрдү маданияттуу тейлөөгө ордо калаабыздын мэриясы качан жетишер экен?!

Адылжан ЖАЖАНОВ, Бишкек шары