Кылмыш иши кыскартылган

“Кыргыз Туусу”, №2 (24298), 15.01.2019-жылдагы “Акыйкатсыздыктын азабы жана билимсиздиктин кесепети!” аталыштагы макалага КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан жооп келди:

2017-жылдын  26-сентябрында  Чүй  облусунун Аламүдүн РИИБи тарабынан №58-17-864 сандуу кылмыш иши КР Кылмыш жаза кодексинин 353-ст. 2-п. менен козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, 2018-жылдын 30-декабрында №58-17-864 сандуу кылмыш иши КР Жаза процессуалдык кодексинин 28-бер. 1-бөл. 2-п. ылайык, кылмыштын курамы жок болгондугуна  байланыштуу,  КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан кыскартылган.

КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнүн башчысы

З.ОМОРБЕКОВ