Жабык жайларда саны арбыган динбузарлар, бизде тыюу салынбаган, ШКУда тыюу салынган диний уюмдар…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Сүрөт: интернеттен алынды

Кыргызстанда экстремизм жана терроризм үчүн 600 киши соттолгон. Мунун 200ү жабык жайларда кармалууда. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тиешелүү эксперттер менен бирдикте соттолгондорду алган багытынан, көкүрөгүнө көк ташка чегилгендей сиңген идеологиядан артка кайтаруу максатында иш жүргүзүп жатканы айтпаса да түшүнүктүү чыгар.

Арийне, андан жыйынтык чыкчудай түрү жок, айтымда, өлкө аймагында тыюу салынган идеологиядан төрт адам гана баш тартышкан. Калгандары алган багытынан, түшкөн жолунан кайтчудай эмес. Кайтмак түгүл, кайсы бир жылдарда жабык жайларга түшкөн динбузарлар анда жаза мөөнөтүн өтөп отургандардын дээрлик баарын намазга жыгып, жабык жайлар тыюу салынган идеология очогуна айланып кете жаздаганы, ошондон улам тыюу салынган диний уюмдардын мүчөлөрүн жаза аткаруу жайларына камоодо ойлонуп калышканы, өтө эле оор айып тагылбаса, жеңилдерин жибербей калганы белгилүү.

Терроризм жана экстремизм идеологиясын тараткан динбузарлар эркиндикте канчалык коркунучтуу болсо, эркиндигинен ажырагандар арасында андан да коркунучтуу. Эгер жабык жайларда алардын идеологиясын колдогондор көбөйүп кетсе, өлкөдө кандай кырдаал түзүлө турганын элестете бергиле. «Терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондор өз идеологиясына бүтүндөй жабык жайларын көз каранды кылып албайт», – деп ким кепилдик берет? Жогоруда айтылып кеткендей, турмуш өзү да жабык жайларга түшкөн динбузарлар сыртта жүргөндөрдөн алда канча коркунучтуу экенин көрсөтүп койду. Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 колонияда терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондорго өзүнчө корпус ачылганы бекеринен болбосо керек. Терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондорго курулган имарат 180 орунга эсептелген. Мамлекеттик бюджеттен корпустун курулушуна 33 млн. 928 миң сом бөлүнгөн. Мыйзам боюнча да терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондор өзүнчө камераларда кармалыш керек. Беловодский айылына жакын жайгашкан колонияда да ушундай эле корпус курулууда. №47 колонияда оорулуу камактагылардын бул категориясы өзүнчө кармалат. Соттолгон неме өзү ооруган менен ал туткан идеология оорубайт эмеспи. Бул да туура.

Терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондордун биринин бир тууганы Сирия да,өзү ИГИЛ менен байланышкан, бири «Жайшуль-Махди» менен кызматташкан. Башкасы башка бир тыюу салынган топтун активдүү мүчөсү болгон.

Акыркы жылдарда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин трибунасынан “Таблиги жамаат” диний кыймылына тыюу салуу маселеси көтөрүлүп келет. Тыюу салуу керек дегендердин катарында биз депутат Исхак Масалиев да бар. “Таблиги жамаат” Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кара тизмеге кошулганын айткан эл өкүлү Кыргызстан терроризм жана экстремизмге каршы туруу боюнча конвенцияны тааныган соң, өзүнө тийиштүү милдеттерди алып, “Таблиги жамаатты” экстремисттик уюм катары тааныш керек”, – дейт ал. Андай болгондо, эмне үчүн бизде бул диний жамаат чакалайдын чак түшүндө эле өз ишмердигин ээн-эркин жүргүзүп келет?! Азырынча бул суроого УКМК да, ИИМ да жооп бере элек.

Жакында эле ЖКнын башка бир депутаты Ирина Карамушкина коңгуроо кагып, медреселерде билим алгандарга көңүл буруу керектигине парламенттин көңүлүн бурду. Анын айтымында, «Ислам таануу» институту медреседе окуган балдардын арасында жүргүзгөн сурамжылоо аны жагымсыз таң калтырган. “Диний окуу мекемелеринде окугандардын көпчүлүгү, жаштар “Таблиги жамаат” кыймылын колдойт. Сурамжылоо жыйынтыгы интернет аркылуу таратылган. Эмне себептен “Таблиги жамаатын” популярдуу кылып жатышат? УКМК буга көңүл буруусу абзел. Медреселерде балдар кайсы программа менен окутулуп жатат, бул да маанилүү. Жаштар эмне үчүн бул диний агымды тандап алууда? Билим берүү жана илим министрлиги жана муфтият медреседеги окутуу программаларына көңүл бурушу зарыл”, – дейт депутат.

Глобалдашкан доордо бул маселеге андан да терең карасак, кыргызстандык жаштар өлкөнүн чегинде гана эмес, өлкөнүн чегинен сырткары да террористтик жана экстремисттик иштер менен шугулданып, мыйзамсыз иштерге аралашып жүргөнү да бизди ойлонтууга тийиш.

2017-жылдагы  Санкт-Петербургдагы метродогу  жарылууга  кыргызстандык  да күнөөлөнгөн. Россия ФСБнын Якутия боюнча башкармалыгы «Джебхат ан-Нусра» эл аралык террористтик уюмуна кирүү үчүн башкаларды үндөгөн 22 жаштагы кыргызстандыкты кармаганын кабарлады. Ал исламдык багыттагы интернет тобу аркылуу динсиздерге каршы куралдуу күрөшкө жана жихадга чакырган. Сириядагы террористтердин ишмердигин колдогон чакырыктарды интернетке жайгаштырган.

Акыркы жылдарда интернет диний чакырыктарды таштаган жана динчилдерди жихадга чакырган аянтчага айланды. WhatsApp жана Telegram мессенджерлери аркылуу экстремисттик мүнөздөгү маалыматтар таркатылып жатат. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева айтты. Анын ою боюнча УКМК мындай маалымат таркатуучуларга каршы иш козгошу керек.

УКМК экстремизм жана радикалдуу агымдарды таратуу коркунучу бар экенин жашырбайт. Аны менен кантип күрөшүү керек, маселе ошондо…