ААЛЫ – эр көкүрөк, АЗАМАТ – сабырдуу, АСЫЛБЕК – таасирдүү АКЫН

Өткөн бир мезгилдерде “тоо булбулу” Токтогул (андан мурда да Токтогул аттуу акын болгон экен), Коргоол, Жеңижок, Эшманбет, Борончу, Ысмайыл, Осмонкул, Барпы, Калык, Алымкул ж.б. сыяктуу бир катар кайталангыс таланттар чыккан.

Улуу муундагы залкарлардын учугу үзүлгөндөн кийин көп өтпөй эле Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы, Замирбек өңдөнгөн кийинки муундагы акындар келишти. Кийинчерээк жаз алды менен талаада кар кеткенден кийин жайнап чыккан байчечекей гүлдөрүндөй болуп аларды устат кылып, тарбия-таалим алып, өнөрлөрүн үйрөнүп такшалган жаш акындардын плеяадасы жаралды. Алардын катарына Саркашка, Абдылда, Жеңишбек, Элмирбек, Аалы, Азамат, Асылбек жана өздөрүн азырынча “тай” акындарбыз деп аташкан Болот, Баян, Жылдызбек, Кубат ж.б. акындар кирет.

Аты аталган акындардын Кудай берген тубаса акындык шык-таланттарынан сырткары алардын ар бирине таандык өзгөчөлүктөрү да бар.

Жеңишбек – негизинен насаат жанрындагы дастан ырларына басым жасаган, такшалган, кынтыгы жок төкмө акын.

Элмирбек – лирикалык жанрдагы акын, акындык талантынан сырткары ал обончу, мукам үндүү ырчы-аткаруучу, жана манасчы катары да белгилүү, көп кырдуу таланттардын ээси болгон акын.

Аалы – ырында ар бир жагдайды, окуяны жөн эле көркөмдөп-жамактап айта бербей, аларды санжыра-тарыхка байлап, эч кимден, эч нерседен тартынбай курч тил менен так жана таасын-таамай айта билген эр көкүрөк акын. Ал мындай тайманбаган мүнөзүн кыргыздарды “кулсуңар” деп айткан казак акыны менен айтышканда абдан эрдик менен көргөздү.

Мен ошол айтышты укканда уктай албай Аалы иниме ыраазы болуп, түнү бою таң атканча көлөмү 25 куплеттен турган каалоо-тилегимди ырга салып жазып, эртеси барып тааныш салып, “Кыргыз тили” гезитине чыгартып, бир гезитти филармонияга издеп барып Аалынын өз колуна тапшырып, ыраазычылыгымды айттым эле.

Азамат – айтыштарда негизинен бийликтеги адилетсиздик, алсыздык, жемкордуктар туурасында жана тарбия-таалим багытына маани берген санат жанрындагы акын десем туура келеби дейм. Ал айтыштардагы атаандаштарынын айткан ачуу-курч сындарын кебелбеген токтоолук менен угуп, эч кандай эмоцияга  алдырбай  салмак  менен,  чүкөгө  кыт  куйгандай так,  орундуу  сөздөр  менен  жооп  бере  билген  сабырдуу акын.

Асылбек – өзүнүн таасын оюн кайталанбаган кыска-нуска, так сөздөр менен жамакка салып таамай айта билген таасирдүү акын.

Болот – жаш болгону менен айтыштарда өзүн такшалган акындардай кармап, чукул сезимдерге алдырбай кармана билип, атаандаштарына алдырбай татыктуу жооп бере билген акын.

Жылдызбек – жаш болгон менен өзү ырдагандай “тай” акын туруп, өзүн “кунандай” сезген дымактуу, өзүн ооздуктай билбесе ала качып кете турган тили курч, сөздөрү мурч акын.

Кубат – “тай”акындынбашкалардан айырмасы – ал комузду сол колу менен көркөмдөп черте билгени. Ошону менен катар анын дагы бир өзгөчөлүгү башка айрым акындар атаандаштарынын сындарын көтөрө албай  тырчып,  кайым айтууга өтсө, Кубат өзүн сахнада абдан эркин сезип, өзүнүн  сөздөрүн  күлкүгө айландырып, угуучулардын көңүлүн  өзүнө  бура  билген “куудул” акын.

Сатыбек ЖУМАКОВ, акындык өнөрдүн күйөрманы, акындарды аздектеп сыйлаган отставкадагы полковник